ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 23
(1-161)

БИРИНЧИ ИШААРАТ: Икаядагы селсаяк адам менен анын ишенимдүү жолдошу арасындагы талашта: "Үч акыйкаттары" бар.

БИРИНЧИСИ: Жүгөнсүз тил албаган нефсим менен жүрөгүм.

ЭКИНЧИСИ: Философия шакирттери менен Кур'ан- ы Хакимдин шакирттери.

ҮЧҮНЧҮСҮ: Ислам үммөтү менен Кудайга ишенбеген атеисттер.

Философия шакирттери жана Кудайга ишенбегендер менен жүгөнсүз нефсимдин эң күчтүү каршы чыгуулары -Женаб-ы Хакка * ишенбөөлөрү болуп саналат. Икаядагы ишенимдүү адам кандай деген эле: "Бир тамга жазуучусуз болбойт, бир мыйзам акимсиз болбойт". Биз да дейбиз:

Маселен бир китеп бар болсо, бирок жөнөкөй китеп эмес, кереметүү китеп; ар бир сөзүнүн ичине кичинекей калем менен бир китеп жазылган. Ар бир тамгасы ичине ичке калем менен тартиптүү түрдө бир касыйда* бар. Жазуучусуз болуусу эч мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу эле, ушул каинат* дагы Кооздоочусуз болуусу таптакыр мүмкүн эмес. Анткени, бул каинат (бүткүл аалам) ушундай бир китеп: арбир бети көптөгөн китептерди камтыйт. Керек болсо, ар бир сөзүнүн ичинде бир китеп бар. Ар бир тамгасы ичинде бир касыйда бар.

Үн жок