ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 24
(1-161)

Жер жүзү - бир барак кагаз сыяктуу. Ичинде көптөгөн китептср бар. Бир дарак - бир сөз. Көптөгөн барактары бар. Бир мөмө- бир тамга.; бирданек- бир чекит. Ал чекитте бийик бир дарактын программасы, мазмуну бар. Мына мындай китеп Желал* жана Жамал* сыпаттарына ээ, соңсуз кудурет жана хикметке ээ болгон бир Зат-ы Зулжелалдин* гана кудурет калеминин чыгармасы болушу мүмкүн. Демек, ааламды көрүп туруп ыйманга кел-бей коюу мүмкүн эмес. Жалгыз гана, атеизмге мас болуп, көзүн ача албай калгандардан башка.

Ошондой эле кандайча бир үй устасыз болбойт. Үй болгондо да кандай үй: Ажайып чеберчилик менен, таң калаарлык оймосаймалары менен, көз жоосун алган жасалгалар менен кооздолуп салынган. Керек болсо ар бир ташына бир сарайга сарпталгандай чеберчилик берилген. *'Устасыз салынган" деген пикирди эч бир акыл кабыл этпейт, ал абдан чебер бир устанын иши.Айрыкча ар бир сарайдын и-чинде кинофильмдин кадрлары сыяктуу ар саата чыныгы жерлерди жаратып, укмуштай тартиптүүлүк менен кийим алмаштыргандай өзгөртүүдө. Керек болсо ар бир чыныгы "кадрдын" ичинде көптөгөн кичине кичине жерлер жаратылууда. Ошол сыяктуу эле ушул каинат* дагы соңсуз хакиим*, алиим*, кудуреттүү бир устага муктаж. Себеби,; ушул укмуштай сонун каинат* ушундай сонун бир сарай дейсиң: Ай, Күн анын лампалары, жылдыздар анын шамдары, заман бир жип сыяктуу, ал жипке Сани-и Зулжелал* жылыга бир башка ааламды илип көргөзүүдө. Жипке асылган аалам - 360 (үч жүз алтымыш) түрдүү көздүн жоосун алган укмуштай көрүнүштөрдөн турат. Көрүнүштөрдү абдан сонун тартип менен жана хикмет* менен алмаштырууда. Жер жү-зүн берекетке толгон дасторкон кылган экен, ар бир жаз мезгилинде 300 000 (үч жүз миң) ар түркүн искусстволордун түрлөрү менен жасалгалоодо.
Үн жок