ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 25
(1-161)

Сан жеткис ихсанат* түрлөрү менен толтурууда. Болгондо да кандай дейсиң, бири бирине аябай аралашып кетсе дагы укмуштай сонун а-йырмалоо менен айырууда. Буга башка жактарын салыштырып көр... Мындай сарайдын Устасын кантип тааныбай койо аласың?

Ошондой эле, маселен; булутсуз абада, Күн чакыйып тийип турганда, Күндүн де-ңиздеги бардык көбүктөрдүн үстүндө жана топуракта жаркырак нерселердин үстүндө жана кардын ар бир бөлүгүндө шооласы чагылып көрүнгөндө Күндү жок деп эсептөө кандай гана акмактык, акылсыздык. Себеби, бир гана Күндү жокко чыгаруу менен жана кабыл этпөө менен канча суу тамчылары бар болсо ошон-чолук, канчалык көбүк бар болсо ошон-чолук, канчалык кесим бар болсо ошон-чолук санда кичинекей чыныгы Күндөрдү кабыл этүү мажбурлугун алып келет. Ар бир молекулада (бир молекула араң бата тургандай) чоң бир Күндүн бар экендигине ишенүүгө мажбур болгондой; так эле мисал сыяктуу ушул иреттүүлүк и-чинде ар дайым хикмет менен кубулуп турган жана тартиптүүлүк ичинде ар да-йым жаңырып турган ушул мыйзамдуу каинатты* көрүп туруп Халык-ы Зулжелалди* укмуштай кемал сыпаттары менен тааныбоо, жокко чыгаруу - жанагындан да жаман акмактык, барып турган келесоолук болот. Анткени, ар бир нерседе, керек болсо ар бир атомдо Улухийет-и Мутлаканын* бар экендигин кабыл этүү керек. Мисалы, абанын ар бир атому ар бир гүл менен жемишке, ар бир жалбы ракка кире алат..
Үн жок