ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 28
(1-161)

Ошондой эле, чексиз даражада бир сулуулук ээси жамалынын сулуулугун , көркүнүн летаифин* күзгүлөрдө көргүсү жана көрсөткүсү келбөөсү эч мүмкүнбү? Башкача айтканда, ошондой сүйүктүүрасул* аркылуу көрүнбөөсү эч мүмкүнбү? Ал- сүйүктүү элчи, кулчулугу менен өзүн. Ага сүйдүрөт, күзгү кызматын аткарат. Ошондой эле ал Расул Аны макулуктарына сүйдүрөт, Жамал-и Эсмасын* көрсөтөт.

Ошондой эле, эч мүмкүн бекен: ажа-йып мужизелер менен, кызыктуу жана кымбаттуу нерселерге толтура казыналардын Ээси, кымбат баалуу нерселерди сарптаган бир таанытуучу жана чеберчилигин көргөзгөн көрсөтүүчү аркылуу калктын назарына көрүнүү менен жашыруун кемалатын* баяндабай койсун?

Ошондой эле эч мүмкүн бекен; бул каинатты бардык ысымдарынын кемалатын түшүндүргөн сан'ат* менен жасалгалап көрүш үчүн кызыктуу жана назик сан'аттар менен кооздолгон бир сарайга окшотсун, андан кийин ага бир жол көрсөткүч мугалим дайындабай койсун?

Ошондой эле, эч мүмкүн бекен; бул каинаттын ээси ушул каинаттын кубулушундагы максаттын эмне боло турганын, билинбес сырларын ачууну жана жаратылган бардык нерселердин "Каяктан? Кайсыл жакка? Кимсиң?" деген үч мүшкүл суроосуна бир элчи аркылуу жооп бербей койсун?

Үн жок