ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 31
(1-161)

БИРИНЧИ АКЫЙКАТ: Рубубийет* жана Салтанат эшиги. "Раб" ысымынын чагылуусу.

Эч мүмкүн бекен; Ше'н-и Рубубийет* жана Аллахтын салтанаты, айрыкча мындай бир каинатты кемалатын көрсөтүү үчүн абдан бийик максаттар менен жаратсын, Анын каалоо жана максатына каршы ыйман келтирүү жана кулчулук кылуу аркылуу аракет кылган момун мусулмандарга сыйлыгы болбосун? Жана ал максатка каршы чыгып кабыл этпөө менен аракет кылган динсиз адамдарга жазасы болбосун?

ЭКИНЧИ АКЫЙКАТ: Керем* жана Рахмет* эшиги болуп, булар Керим* жана Рахим*ысымынын чагылуулары.

Эч мүмкүн бекен; Көрсөткөн сан'аттары менен соңсуз бир керем жана соңсуз бир рахмет жана соңсуз бир иззет* жана соңсуз бир гайрет* ээси болгон ушул ааламдын Рабби; керем жана рахметине ылайык сыйлыгы, иззет жана гайретине татыктуу жазасы болбосун?

Ооба, ушул дүйнөнүн болуп жаткан иштерине карасак бул нерсе көрүнөт: эң алсыз, эң дармансыздан баштап (Түшүндүрмө^эц алдуукүчтүүгө чейин ар бир жандыкка бир ырыскы берилүүүдө. Эң алсыз, дармансызга эң сонун тамак-аш берилүүдө. Ар бир дарттууга күтүлбөгөн жерден жардам келүүдө. Укмуштай улуу керем* менен жана ар түрдүү даамдар берилүүдө. Чексиз жоомарт колдон берилип жатканы апачык көрсөтүлүүдө.

6 (Түшүндүрмө): Адал ырыскы күч менен алын-баганына, балким жокчулукта болгону үчүн берилгенине так далил: бардык жан-жаныбарлардын жана адамзаттын кичинекей күчсүз балдарынын жан багуусунун жеңилдиги жана алдуукүчтүү жаныбарларын күн көрүүсүнүн кыйындыгы ; ошондой эле акылсыз балыктардын семиздиги жана алдамчы куу түлкү менен маймылдын күн өткөрүүсүнүн кыйындыгы менен денеси боюнча арыктыгы.
Үн жок