ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 33
(1-161)

7(Түшүндүрмө): Ооба, бир ач арстан алсыз баласын өзүнөн үстөм көрүп тапкан тамагын жебестен баласына берүүсү; ошовдой эле, коркок тоок бала-панын коргош үчүн итке, арстанга канат серпип каршылык көрсөтүүсү; ошондой эле анжир* дарагы өзү баткак суу ичип, балдары болгон мөмөлөрүнө таза сүт берүүсү апачык соңсуз Ырайымдуу, Керим*, Мээримдүү Бирөөнүн эсеби менен иш-аракет кылгандарын көр болбогондорго көрсөтүүдө. Ооба, өсүмдүктөр жана жаныбарлар сыяктуу а кыл-эси жоктордун абдан сонун акылдуу сыяктуу жана хакимаане* иштерди кылуулары апачык муну көрсөтүүдө: Укмуштай даражада Алим* Хаким* бирөө бар, аларды иштеттирип жатат. Алар Анын ысмы менен иштеп жатышат

Бул ааламдын башкаруучусунун мындай соңсуз кереми*, мындай соңсуз рахмети, мындай соңсуз улуулугу жана иззети бар экен, андай болсо албетте, ошол улуулук менен иззет* адепсиздердин тартипке келүүсүн каалайт. Чексизкерем - чексиз сый-урмат көрсөткүсү келет, чексиз рахмет өзүнө ылайык ихсан* бергиси келет. Чынында бул жалган дүйнөдө жана кыска бир өмүрдө, деңиздин бир тамчысы сыяктуу миллиондогон бөлүктөн жалгыз гана бир бөлүгү жерлешет жана чагылышат. Демек, ошол керемге ылайык жана ошол рахметке шайкеш бир саадат жсри курулат. Ал жер курулбай турган болсо, күндүздү шооласы менен толтурган Күндү жокко чыгаруу сыяктуу бул көрүнгөн рахметтин бар экенин да кабык этпөөгө туура келет. Анткени, кайта кайтпай турган жок болуу болсо - мээримди балээге, сү-йүүнү ич күйдүлүккө жана ни'метти күчтүү азапка жана акылды жаман аспапка, лаззатты кайгыга айландырып жиберүү менен чыныгы рахметтин өчүрүүсүн керектирет. Ошондой эле улуулук жана иззетке ылайык бир жазаландыруу жери курулат.
Үн жок