ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 30
(1-161)

ҮЧҮНЧҮ ИШААРАТ: Еуя кичинекей адам баласынын эмне мынча мааниси бар, бул чоң дүйнөдө анын иш-аракеттеринин сурагы жабылып башка жерде ачылгандай?", - деген ой акылга келбесин. Анткени, бул кичинекей адам баласы жамиййет-и фытраты* менен бирге ушул бардык жаратылган нерселердин ичинде бир устабашы жана Аллахтын салтанатынын жарчысы жана улуу кулчулукка каршы болгону үчүн абдан чоң мааниси бар. Ошондой эле кыска бир өмүрдө кандайча түбөлүктүү бир азапка татыктуу болот?, деген ойго кетпегиле. Анткени атеизм -ушул мектубат-ы Самеданийенин* дара-жасында жана баасында болгон каинатты маанисиз, максатсыз жана эң төмөнкү даражага түшүргөнү үчүн бардык каинатка каршы акаарат кылганы үчүн, ушул бардык жаратылган нерселерде чагылуулары, жасалгалары көрүнгөн Аллахтын бүт ыйык ысымдарын жокко чыгарып ишенбөө менен, кабыл этпөө менен жана Женаб-ы Хактын* бар экендигин жана тууралыгын көрсөткөн бүтпөс далилдерин жокко чыгарып ишенбегени үчүн соңсуз кылмыш кылган болуп эсептелет.

ТӨРТҮНЧҮ ИШААРАТ: Жогорудагы икаяда ОН ЭКИ ЖОЛ менен көрдүк: Ушундай Падышанын ошондой тез өтүп кете турган туруксуз мейманкана сыяктуу бир мамлекети болсун, Туруктуулугуна жана улуулугуна ылайык жана улуу салтанатына татыктуу башка түбөлүктүү бир мамлекети, болбосун?! Бул мүмкүн эмес. Ошондой эле бул жалган дүйнөнүн түбөлүктүү Жаратуучусу муну жаратып, башка, соңсуз ааламды жаратпай коймок беле?

Бул көргөзмө жана сыноо жери жана талаа сыяктуу турган дүйнөнүн Хаким*, Кадир* жана Ырайымдуу (атыры бул дүйнөнү жаратсын, бирок анын бардык максаттарына ылайык Акырет* жерин жарата албасын?! Бул Акыйкатка "ОН ЭКИ ЭШИК" менен кирилет. "ОН ЭКИ АкЫЙКАТ" менен ал эшиктер ачылат. Эң кыска жана эң оңоюнан баштайбыз.

Үн жок