ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 29
(1-161)

Ошондой эле, Эч мүмкүн бекен; бул сонун сан'атттар менен Өзүн акылы барларга тааныттырганжана кымбат баалуу ни9меттер* менен Өзүн сүйдүргөн бир Сани-и Зулжелал*; анын каршылыгында акылы барлардан эмне каалаганын бир элчи аркылуу билдирбей койсун?

Ошондой эле, эч мүмкүн бекен; адам баласын акыл боюнча көп нерсеге ашык, жөндөмдүүлүк боюнча улуу кулчулукка жарай турган ахыбалда жаратып, мугалим көрсөткүч аркылуу алардын жүздөрүн көп кудайга сыйынуучулуктан бир тек Кудайга бурууну каалабасын?

Булар сыяктуу дагы көптөгөн пайгам-барлар милдети бар, ар бири бирден мындайча далил даана далил болот: Аллах -элчисиз боло албайт.

Азыр жана өткөн заманда Мухаммед-и Араби Алейхисселату Весселамдан - баян болгон милдет - артык жана жамааты көп ким бар? Элчилик даражасында жана аны жаюу боюнча Андан артык, өтө ыла~ йьщ ары үстөм бирөө болгонун заман көргөзгөн бекен? Жок, мүмкүн эмес! Ал - бардык пайгамбарлардын мырзасы, бардык элчилердин имамы, бардык окумуштуу аалимдердин башчысы, бардык мукарребиндин* эң жакыны, бардык макулуктардын кадырлуусу жана бардык мүршиддердин* Султаны. 

Ооба, бардык мужизе изилдөөчүлөрдүн биргелешип колдоосу менен Айдын экиге бөлүнүүсү жана бармактарынан суунун агуусу сыяктуу миңдеген мужизелерин жана пайгамбарлыгын далилдеген сан жеткис далилдеринен башка Кур'ан-ы Азимүшшан* сыяктуу бир акыйкат деңизи жана кырк илим боюнча мужизелиги далилденген улуу мужизе Күн сыяктуу анын пайгамбарлыгын апачык көрсөтүүгө толук жетет. Башка рисалелерде* жана "Жыйырма Бешинчи Сөздө" Кур'андын кыркка жакын түшүндүрмөсү болгону үчүн бул жерде кыскартып койдук.

Үн жок