ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 27
(1-161)

ЭКИНЧИ ИШААРАТ: Икаяда бир Йа-вер-и Экремден* сөз козголгон жана мындай деп айтылган: Сокур болбогон ар ким Анын белгилерин көрүү менен Ал кишинин Падышанын буйругу менен иш кылганын жана ал Падышанын тандалган кулу экенин түшүнөт. Мына ошол Йавер-и Экрем - Расул-и Экрем* - Хз.Мухаммед (а.с.м) болот. Ооба, мындай жасалгаланган бир каинаттын ушундай ыйык Устасына бул Расул-и Экрем, шоола Күнгө кандай керек болсо ошондой керек болот. Себеби: Күн кандайча шоола чачпастан тура албайт, так ошондойчо Аллах дагы пайгамбарларды жиберүү менен өзүн көрсөтпөөсү мүмкүн эмес.

Ошондой эле теңдеши жок сулуу бир жамал көрсөтүүчү жана тааныштыруучу аркылуу өзүн көрсөтүүнү каалообоосу эч мүмкүнбү?

Ошондой эле укмуштай сонун жамалда бир кемал-и сан'ат көңүлдү бурган бир жарчы аркылуу көрүнүүсүн каалообоосу эчмүмкүнбү?

Ошондой эле, жалпы Рубубийетинин* учукыйыры жок салтанатЫу көпчүлүк жана жеке түрдө Вахданийет* жана Самеданийетин* "кош канаттуу" бир элчи аркылуу жарыялоосун каалообосу эч мүмкүнбү? Башкача айтканда, ал элчи кулчулук жагы менен көпчүлүккө Аллахтын элчиси болуусу менен бирге Аллахка жакындык жана элчилик жагы менен көпчүлүккө Кудайдан келген кызматкер болуп эсептелет.

Үн жок