ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 26
(1-161)

Мына ушул атом, эгер Аллахтын кызматчысы болбосо, анда кире алган жана жумушун аткара алган бардык нерселердин түзүлүшүн жана көрүнүштөрүн билүүгө тийиш.Неге дегенде алардын ичинде иштерин жасай алыш үчүн. Демек, мындай иштерди жасаш үчүн деңиздей терең билимдүү, ашкан кудуреттүү болуу керек.

Мисалы, топурактын ар бир молекуласы түрдүү түрдүү бардык үрөөндөр жана данектерге башталгыч боло алат. Эгер кызматчы болбосо, анда канча өсүмдүк менен дарактар бар болсо ошончолук ру-хий курал-жабдыктар менен станоктор керек. Же болбосо алардын бардык түзүлүшүн биле турган, жасай турган, аларга кийгизилген көрүнүштөрдүн бардыгын тааный турган, тиге ала турган бир чебер-чилик жаан кудурет керек. Дагы башка жаратылган нерселерди буга салыштырып көр. Ар бир нерседе бир Вахданийеттин* көптөгөн апачык далилдери бар экенин көрөсүң. Ооба, бир нерседен бардык нерсени жасоо жана ар нерсени бир нерсе кылып жасоо - бардык нерселердин Жаратуучусуна тиешелүү бир касиет. 



وَ اِنْ مِنْ شَيْءٍ اِلاَّ يُسَبِّحُ بِحَمْدِهِ 


деген Улуу Буйрукка көңүл бур, дыккат эт. Демек, Вахид-и Эхадцы* жок деп эсептөө менен, канчалык макулук бар болсо ошончолук кудайларды, жаратуучуларды кабыл этүүгө туура келет.

Үн жок