ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 32
(1-161)

Демек, ырыскы күч жана тандоо менен болсо насибинен кур калат. Канчалык өзүнүн күчкубатына жана өз эркине ишенсе ошончолук күн өткөрүүнүн кыйындыгына туш келет.

Мисалы, жаз мезгилинде Бейиштин Үр кыздары сыяктуу бакдарактардын бардыгын жибек сымал кийим менен кийдирип, гүл жана түрдүү жемиштерин абдам сонун жасалгалар менен кооздоп кызматчы кылып, алардын назик колдору болгон талдары менен түрдүү түрдүү эң татттуу, эң даамдуу жемиштерди бизге тартуулоо; ошондой эле уулуу бир аарынын колу менен шыпалуу, эң таттуу балды бизге таттыруу; ошондой эле, эң сонун жана жуп-жумшак бир кийимди колсуз курттун колу менен бизге кийдирүү, ошондой эле рахметтин чоң бир казынасын кичинекей бир данектин ичине биз үчүн сактоо канчалык сонун бир сый-урмат, канчалык латиф* бир рахметтин чыгармасы болгону апачык эле билинип турат. Ошондой эле, адам жана кээ бир жырткыч айбандардан башка, Күн, Ай жана жерден баштап тээ эң кичинекей макулукка чейин бүт нерсе милдетин укмуштай сонун жана дыккаттуу аткаруусу, кичине болсо да чегинен чыкпоосу, чоң бир айбат астында жалпы бир баш ийүүнүн болуусу; чоң бир улуулук жана иззет* Ээсинин буйругу менен иш-аракет этишкендигин көрсөтүүдө. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн болсун, жаныбарлардын болсун жана адамдардын болсун бардык энелеринин ошол ыра-йымдуу мээримдери менен (Түшүндүрмө) жана сүт сыяктуу назик тамак-аш менен ошол алсыз жана дармансыз наристелердин тарбиясы - канчалык кенен бир рахметтин чагылуусу болгону апачык эле билинип турат.

Үн жок