ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 34
(1-161)

Анткени, көбүнчө заалим иззети менен, кордук көргөндөр азап тарткан бойдон калып бул жерден көчүп кетишүүдө. Демек, Махкеме-и Күбрага калтырылууда, кечиктирилүүдө. Болбосо, карал-бай жатат эмес. Илгерки замандарда болгон Кудайга каршы чыккан жана кежирлигин токтотпогон урууларга келген азаптар муну көрсөтөт: Адамзаттын башы бош эмес. Улуулук жана гайрет* Ээсинин соккусуна ар дайым учуросу мүмкүн. Оо-ба, эч мүмкүн бекен; адам баласы бардык жаратылган нерселердин ичинде маанилүү бир милдети, маанилүү бир жөндөмдүүлүгү болсун, адамдын Раббиси* да ага мынчалык тартиптүү сан'аттары менен өзүн таанытса; каршылыгында адам баласы ыйман келтирүү менен Аны тааныбаса... Ошондой эле мынчалык рахметтин кооздолгон жемиштери менен Өзүн сүйдүрсө, каршылыгында адам баласы ибаадат менен өзүм Ага сүйдүрбөсө.... Ошондой эле мынчалык түрдүү түрдүү ырыскылары менен сүйүүсүн жана рахметин ага көрсөтсө; каршылыгында адам баласы шүгүр жана мактоо менен Ага урмат кылбаса; анан кантип жазасын калсын?' Башы бош ташталсын?! Ал иззет жана гайрет ээси Зат-ы Зулжелал*жаза жерин кантип эле даярдабай койсун?! Ошондой эле, эч мүмкүн бекен; ошол Рахман-ы Ра~ химдин* Өзүн тааныттыруусуна каршылык.ыйман келтирип таануу менен жана сүйдүрүүсүнө каршылык ибаадат менен, сүйүү, сүйдүрүү жана рахметине каршылык шүгүрчүлүк кылуу менен, урмат көрсөтүү менен иш-аракет кылган момун мусулмандарга бир сыйлык жерин жана тү-бөлүктүү саадат жерин бербей койсун?!

ҮЧҮНЧҮ АКЫЙКАТ: Хикметжана Адилеттүүлүк эшиги болуп, Хаким* жана Адил* ысымдарынын чагылуусу.

Үн жок