ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 37
(1-161)

Ооба, ушул ки-чинекей адамдын тулку бою ичинде бардык каинаттын мазмунун, рахмет казынасынын бардыгынын ачкычтарын, бардык ысымдарынын күзгүлөрүнүн орноштуруу - абдан сонун сан'ат ичинде бир хикметти көрсөтөт. Эми, эч мүмкүн бекен; ушундай ижраат-ы рубубийетке* ээ бир хикмет; ошол Рубубийеттин коргоо канатынын астына коргологон жана ыйман келтирүү аркылуу моюн сунгандарга сый-урмат бербесин жана түбөлүктүү кубанычка бөлөбөсүн?!

Адилеттүүлүк жана мыйзам менен иш аткаргандыгына далил каал айсыңбы?! Бардык нерсеге укмуштай мыйзам менен, тиешелүү өлчөмдөр менен денесин жаратуу, өңтүс берүү, орду ордуна койуу - соңсуз бир адилеттүүлүк жана мыйзам менен иш жасаганын көрсөтөт.

Ошондой эле ар бир акыл ээсине жөндөмдүүлүгүнө жараша акысын берүү, башкача айтканда, денесине керектүү нерселердин бардыгын, өмүр сүрүүсү үчүн мүчөлөрүн эң ылайык түрдө берүүсү - соңсуз бир адилет колун көргөзөт.

Ошондой эле, жөндөмдүүлүк тили менен жаратылышынан келген муктаждык тили менен, чарасыздык тили менен суралган жана кааланган ар бир нерсеге дайыма жооп берүүсү - укмуштай бир адилеттүлүктү жана хикметти көрсөтөт.

Эми, эч мүмкүн бекен; мындай эң ки-чине бир макулуктун, эң кичинекей кажатынын жардамына чуркаган бир адилеттүлүк жана хикмет, инсан сыяктуу эң чоң макулуктун түбөлүктүүлүктү сураган эң чоң талабын орундабай койсун?! Өтө маанилүү өтүнүчүн жана эң чоң суроосун жоопсуз калтырсын?! Рубубийетинин ай-батын, кулдарынын укугун коргоп келип, андан кийин коргобой койсун?! Чынында бул жалган дүйнөдө кыска бир өмүр сүргөн адам баласы, ошондой адилеттүүлүктүн акыйкатына ээ боло албайт жана боло албоодо.
Үн жок