ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 39
(1-161)

Ошондой эле бул нерсени сөзсүз каалайт: Ошол сый-урматтан татып көргөндөр ошол саадат үйүндө кала беришсин, түбөлүктүү калышсын. Неге дегенде, жок болуу жана айрылуу менен кыйноо көрүшпөсүн. Анткени, кайгынын бүтүшү жыргакчылык болгондой, жыргалчылыктын да бүтүшү - кыйноо жана азап болот. Мындай жоомарттык жана колу ачыктык кайгы чектирүүнү каала-байт.

Демек, түбөлүктүү бир Бейишти жана ичинде түбөлүктүү муктаж болгондорду каалайт. Анткени, соңсуз жоомарттык жана колу ачыктык бүтпөс ихсан бергиси келет, ырыскы бергиси келет. Соңсуз ихсан* жана азыктандыруу болсо, соңсуз миннеттарлык* жана ни'меттендирүүнү каалайт. Бул болсо, ихсанга ээ болгондордун дайыма тирүү кала берүүсүн каалайт. Неге дегенде, ошол түбөлүктүү ырыскыларга каршы шүгүр жана карыз экенин көргөзсүн. Андай болбосо, жок болуу менен ачуулашкан кичине бир тат алуу, кыпкыска бир убакытта болгондуктан ошондой жоомарттык жана колу ачыктыктын талабына ылайык келбейт.

Ошондой эле, Аллахтын сан'атынын көргөзмөсү болгон мына бул ааламга на-зар сал. Жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын колдорунда болгон Раббаний* жарыяларга дыккат эт. (Түшүндүрмө) ° рубубийетинин кооздуктарынын жарчылары болгон Пайгамбарларга жана олуяларга кулак сал. Кандай гана бирге аракеттенишип Сан-и Зулжелал- . дин* кемчиликсиз кемалатын*, укмуш тай сан'атын жарыялоо менен көрсөтүүдө, баян кылышууда. Калктын назарларын тартууда.

Үн жок