ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 40
(1-161)

0 (Түшүндүрмө): Ооба, сөөк сыяктуу кургак бактын учундагы зым сыяктуу ипичке бир сапта; абдан кооз, жасалгалуу бир гүл жана абдан чебер жана кооз жасалган бир мөмө, албетте сан'атын абдан сүйгөн мужизекар* жана хикметтүү иш кылган бир Устанын сан'атынын сулуулуктарын акылы барларга окуттурган бир жарыянаамасы болот. Мына эми, жаныбарларды да өсүмдүктөргө салыштырып көр...

Демек, бул ааламдын Устасынын абдан маанилүү жана таң калаарлык жашыруун кемалаты бар. Бул укмуштай сан'аттар менен аларды көрсөткүсү келет. Себеби; жашыруун, кемчиликсиз кемалат* болсо мактоочу жана жактыруучу, "Машааллах" деген көрүүчүлөргө көрүнгүсү келет. Тү-бөлүктүү кемалат* болсо түбөлүктүү көрүнүүнү каалайт. Ал болсо: мактоочулардын жана жактыруучулардын дайыма тирүү кала берүүсүн каалайт. Түбөлүктүү болбогон жактыруучулардын назарында кемалатынын кадыры калбай калат. (Түшүндүрмө)! Ошондой эле, каинаттын жү зүндө жайылган абдан сонун, чебер, жаркырак жана кооздолгон ушул бардык жаратылган нерселер; шоола Күндү билдиргендей, теңдеши жок рухий бир жамалдын сулуулугун билдирет жана эч нерсеге окшобогон жашыруун бир сулуулуктун летаифин* билдирүүдө (Түшүндүрмө) °

(Түшүндүрмө) Ооба, кеңири тараган ылакап бар: Бир Дүйнө сулуусу бир убакыт өзүнө ашык болгон карапайым адамды адам катары санабай, кабыл этпей коёт. Ал адам өзүн өзү сооротуш үчүн: "Тфу, абдан түрү суук экен", - деп айтат. Ошол сулуунун сулуулугун жокко чыгаргысы келет.

Ошондой эле бир убакыт бир аюу, абдан таттуу бир жүзүм багынын алдына келет. Жүзүмдөрдү жегиси келет. Бирок, колу жетпейт. Жүзүмзарга да чыга албайт. Өзүн өзү сооротуш үчүн өз тили менен: "Кычкыл экен", - деп күңкүлдөп кетип калат.

Үн жок