ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 42
(1-161)

Ошол соңсуз колу ачык жоомарттык, ошол теңдеши жок сулуу жамал, ошол кемчиликсиз кемалат*; түбөлүктүү шүгүр кылуучуларды, куштарларды, жактыруучуларды талап кылат. Чынында, ушул "Дүйнө" мейманканасында ар дайым көрүүдөбүз: Бүт бардыгы тез эле кетип, жок болууда. Ошол жоомарттыктын казынасынан аз эле нерсе татат. Табити (аппетит) ачылат. Бирок жей албастан кете берет. Ошол жамал, ошол кемалдын жалгыз гана бир шооласына, балким бир алсыз көлөкөсүнө аз гана карап, тоё албастан кете берет. Демек, түбөлүктүү бир көргөзмөгө коюлууда.

Натыйжада: Мына бул аалам бүткүл макулуктары менен Сани-и Зулжелалине* далдаана далилдик кылат: Сани-и Зулжедалдин да сыпаттары жана ыйык ысымдары акыретке ишаарат кылат, көрсөтөт жана талап кылат.

БЕШИНЧИ АКЫЙКАТ: Мээримдүүлүлүк эшиги жана Хз.Мухаммеддин (а.с.м.) кулчулугу. Мужиб* жана Рахим* ысымдарынын чагылуусу.

Эч мүмкүн бекен: эң жөнөкөй бир түйшүктү эң жөнөкөй бир макулугунан көрүп абдан мээримдүүлүк менен күтүлбөгөн жерден жойгон жана эң жашыруун бир үндү эң жашыруун бир макулугунан угуп жардамга келип, ахыбал тили менен жана сөз тили менен суралган ар бир нерсени кабыл эткен соңсуз бир мээримдүүлүк жана бир ырайымдуулук ээси бир Раб; эң улуу бир кулунан (Түшүндүрмө) 0 Эң сүйүктүү бир макулугунан эң чоң, эң керектүү муктаждыгын камсыз кылба сын, орундатпасын?! Эң чоң дубасын угуп кабыл этпесин?!

Үн жок