ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 45
(1-161)

Карачы, ошондой эле "түбөлүктүүлүк" сыяктуу жалпы элдин тилегин каалап жалбарууда. Ал дубага тек гана Жер Шарынын тургундары эмес, асманда жашоочулар жана бардык жаратылган нерселер да кошулуп өз тилдери менен: "Ооба, эй Аллахым, бер, дубасын кабыл кыл. Биз да каалайбыз"- деп жатышат. Карачы!.. Ушундай хазинаане* ушундай сүйкүмдүү, ушундай куштар, ушундай кумардуу бир түбөлүктүү саадатты сурап жатат; бүткүл каинатты ыйлатып, дубасына ортоктош кылдырып жатат.

Карачы, ушундай бир максат, ушундай бир тилек үчүн саадат сурап жалбарууда: адамды жана макулуктардын бардыгын эсфел-и сафилиин* болгон жок болуудан, жамандыктан, пайдасыздыктан, бош нерселиктен ала-йы иллиййин* болгон кым-баттуулукка, түбөлүктүүлүккө, улуу милдетке, Самеданийе* каты болуу даражасына чыгарууда.

Карачы, ошондой эле ушундай улуу бир жалбаруу менен жардам сурап жатат жана өтүнүү менен суроодо: Кудум бүт жаратылган нерселерге, асманга, аршка* угузуп, дубасына коштуруп: "Амин, Аллахумме амин" дедиртүүдө. (Түшүндүрмө) °

(Түшүндүрмө)

Ооба, ушул ааламдын Башкаруучусунун бүткүл тасарруфатты* апачык көрүп билимдүү, акылдуу, хаким болуп туруп; эч бир жактан мүмкүн эмес: ошол Башкаруучу өзүнүн макулуктары ичинде эң сонун тандалган Бирөөнүн кыймыл-аракеттеринен кабардар болбосун... ошондой эле эч бир жактан мүмкүн эмес: ошол Мутасаррыф-ы Алим* ошол тандалган адамдын иш-аракетин жана дубаларын билип туруп, билмексен болсун, маани бербесин.
Үн жок