ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 43
(1-161)

0 (Түшүндүрмө): Ооба, бир миң үч жүз элүү жыл салтанат сүргөн жана улана берген жана көп жылдардын ичинде үч жүз элүү миллиондон көп үммөтү болгон жана күнүгө бардык үммөтү Аны менен ыймандарын жаңылап турган жана Анын кемалатына күбөлүк кылган жана урматтап баш ийүү менен буйруктарын аткарган жана Дүйнө шарынын жартысы жана адамзаттан бештен бири ал Кишинин нуру менен нурданса, башкача айтканда рухий түсү менен боёнсо жана ал Киши алардын жүрөктөрүнүн сүйүктүүсү жана рухтарынын тарт биячысы болсо; албетте ал Киши ушул каинатты башкарган Раббинин эң урматтуу кулу болуп саналат. Ошондой эле, башка каинат түрүнүн ар бири бирден ал Кишинин мужизе мөмөсүн ташуу менен Анын милдетин жана кызматчылыгын алкыщтаса, албетте ал Киши - ушул каинаттын Жаратуучусунун эң сүйүктүү макулугу болуп эсептелет. Ошондой эле, бардык адамзат бардык жөндөмдүүлүгү менен каалаган "түбөлүктүүлүк" сыяктуу бир ка-жа.ты экен: ал кажат болсо, адамды эң төмөнкү, эң ылдыйкы жерден эң бийик, эң жогорку даражага чыгарууда. Албетте ал кажат эң чоң кажат болуп саналат жана эң урматтуу кул, жалпы элдин атынан аны Кадиййүл-Хажаттан* каалайт.

Ооба, мисалы: жаныбарлардын алсыздарынын жана наристелеринин ырыскысы жана тарбияларындагы көрүнгөн камкордук менен жеңилдик мына муну көрсөтөт: Ушул каинаттын Ээси , соңсуз бир рахмет менен Рубубийетин* аткарат. Ру-бубийетинде көрүнгөн мынчалык ыра-йымдуу бир мээримдүүлүк, эч болушу мүмкүн бекен; макулугунун эң кадырлуусунун эң сонун дубасын кабыл этпесин?! Бул акыйкатты "Он Тогузунчу Сөздө" ачыктап түшүндүргөнмүн, оңтою келген соң бул жерде да баяндап кетелик:

Эй нефсим менен бирге мени тыңшаган дос! Тамсилдүү икаяда мындай дегенбиз: Бир аралда жыйналыш бар... Бир Йавер-и Экрем жарыя окууда.
Үн жок