ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 44
(1-161)

Анын ишаарат кылган акыйкаты мындайча: Кел бул замандан чыгып, кыялыбызга минип алып Саадат Кылымына* жана Араб Жарым Аралына баралы. Эмнеге дегенде Расул-и Экремди* (Алейхисселату Весселам) мил-детин аткарып жаткан убакта жана кулчулук ичинде көрүп, зыярат кылабыз. Карачы! Ал; пайгамбарлыгы жана хида-йети* менен түбөлүктүү саадаттын келишине себеп болууда. Ал сыяктуу, кулчулугу менен жана дубасы менен ошол саадаттын бар болуусуна жана Бейиштин жаралуусуна себеп болду

Мына карачы!.. Ал киши ушундай бир улуу намазда, улуу бир ибаадатта түбөлүктүү саадат үчүн Кудайга жалбарууда, кудум бул арал, керек болсо бүткүл Жер Шары Анын улуу намазы менен намаз окуйт, жалбарат. Себеби, кулчулугу болсо; Ага баш ийген үммөтүнүн кулчулугун камтыган сыяктуу; шайкештик сыры менен бүткүл Пайгамбарлардын кулчулук сырын камтыйт. Ошондой эле, Ал, улуу намазды ушундай көп жамааттын ичинде окууда жана жалбарууда; кудум адам баласынын Хз.Адамдан биздин кылымга чейин, балким кыяматка чейин нурдуу жана камил* адамдардын бардыгы Ага баш и-йүү менен Аны ээрчип дубасына "оомийин" дешет (Түшүндүрмө)

0 (Түшүңцүрмө): Ооба, Мүнажаат-ы Ахмедиййе Алейхисселату Весселам заманынан азыркыга че-йин бардык үммөтүнүн бүткүл намаздары жана салаваттары Анын дубасына түбөлүктүү "ооми-йин" дешет жана ортоктош болушат. Керек болсо Ага айтылган ар бир салават дагы, Анын дубасына "оомийин" жана үммөтүнүн ар бири, ар бир намаздын ичинде Ага салават жана салам берүү жана каметтен* кийин Шаафилердин* Ага дуба этүүсү; Анын түбөлүктүү саадат үчүн дубасына абдан кубаттуу жана жалпыга орток бир "оомийин" болуп саналат. Мына, бардык адамзаттын адамзаттык жаратылыш тили менен, бардык күчү менен каалаган соңсуздук жана түбөлүктүү саадатты; ошол адамзат наамына Зат-ы Ахмедиййе ( А.С.М) суроодо жана адамзаттын нурдуу бөлүгү Анын аркасында "оомийин" дешүүдө. Эч мүмкүн бекен; ушул дуба таптакыр кабыл кылынбасын?!

Үн жок