ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 47
(1-161)

Бүткүл адамзатты аркасына алып ушул Дүйнө үстүндө туруп, Арш-ы Азамга* жүзүн буруп, алаканын жайып, адам-заттын кулчулуктарынын жыйынтыгын камтыган Ахмеддин (а.с.м.) кулчулук акыйкаты ичинде дуба этип жалбарган ушул адамзаттын ичиндеги эң ардактуусу жана каинатта теңдеши жок бир тек адам болгон фахр-и Каинат (а.с.м.) эмне каалап жатат, угалы. Карачы, өзүнө жакын үммөтүнө түбөлүктүү саадат, бакыттаалай каалап жатат. Соңсуздук каалоодо, Бейиш каалоодо. Ошондой эле, мевжудат күзгүлөрүндө чагылышкан жамалын көрсөткөн Аллахтын ыйык ысымдарынын бардыгы менен суроодо. Ал ысымдардан шефаат* талап кылууда, көрүп турасың. Эгер Акыретти далилдеген эсепсиз көп далнлдер болбой калган күндө да; жалгыз гана ушул адамдын тек бир дубасы жаз айынын жаратылышы сыяктуу Халык-ы Ра-химдин* кудуретине оңой келген ушул Бейиштин жаралышына себеп болмок эле...(Түшүндүрмө)

(Түшүндүрмө); Ооба, тигил дүйнөгө салыштырмалуу абдан тар бир барак сыяктуу болгон Жер Жүзүндө санак жеткис укмуштай сонун искусство үлгүлөрүн, Хашир жана Кыяматтын белгилерин көрсөтүү жана үч жүз миң китеп сыяктуу болгон укмуштай тартиптүү искусство түрлөрүн ошол тек баракка укмуштай тартиптүүлүк менен жазып орноштуруу; албетте абдан кенен Акырет ааламында латиф* жана укмуштай кооз Бейиштин имаратынан жана жаралуусунан да кыйын. Ооба, Бейиш; жаз айынан канчалык жогору болсо ошончолук жаз айындагы бакчалардын жаратылышы Бейиштен кыйыныраак жана таң калаарлык деп айтсак болот.

Үн жок