ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 49
(1-161)

Мынакей... Дүйнөдөгү акылга сыйгыс кыйындык жана батыл* жомоктордун сандырагы...

Демек, Расул-и Эй^ем Алейхисселату Весселам пайгамбарлыгы менен Дүйнөнүн эшигин ачкандай эле Кудайга кулчулугу менен да Акыреттин эшигин ачат....

АЛТЫНЧЫ АКЫЙКАТ: Хашмет* жана Сермедийет* эшиги болуп, Жэлил* жана Баки* ысымдарынын чагылуусу.

Эч мүмкүн бекен бүткүл жаратылган нерселерди; Күн болсун, дарак болсун, атом болсун, бардыгын буйрук алган аскер сыяктуу кызмат кылдырып башкарган бир Рубубийет* улуулугу ушул "Дүйнө" деп аталган мейманканасында кыска өмүр сүргөн бечара макулуктардын үстүндө турсун... соңсуз, түбөлүктүү улуулук жери чексиз, улуу бир Рубубийет жерин жаратпай койсун?! Ооба, ушул каинатта көрүнгөн мезгилдердин кубулуусу сыяктуу улуу йштер жана планеталардын самолёт сымал кыймыл-аракеттери сыяктуу улуу кыймыл-аракет жана Дүйнө Шарын адамзатка бешик, Күндү лампа жасоо сы-яктуу укмуштай баш ийдирүү жана өлгөн куруган Жер Шарын тирилтүү, жасалгалоо сыяктуу кенен өзгөрүш муну көрсөтүп турат: Парда аркасында абдан улуу бир Рубубийет бар, укмуштай сонун салтанат менен башкарууда. Мындай бир Рубу-бийет Салтанаты өзүнө ылайык кызмат-чыларды каалайт. Чындыгында көрүп турасың: мааниси боюнча эң маанилүү баш ийүүчүлөрдү жана пенделерди ушул Дүйнө мейманканасында бечара өңдөнүшүп убактылуу топтолушкан экен. Мейманкана болсо күнүгө толот, бошолот. Ошондой эле бүткүл баш ийгендер кызмат тажрыйбасы үчүн ушул сыноо майданында у-бактылуу жашап жатышат. Майдан болсо саат сайын өзгөрүп турат.
Үн жок