ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 51
(1-161)

Ошондой эле ошол Атактуу Хандын кызматкерлери да меймандардын көрүнүштөрүн, кыймыл-аракеттерин, мамилелерин абдан дыккаттуулук менен жазып жана тиркеп коюшууда. Ошондой эле көрүп турасың: Ал Хан күнүгө, ошол кымбаттуу жасалгалардын көбүн буздуруп турат. Жаңы келе турган меймандар үчүн жаңы жасалгаларды жасоодо. Муну көргөндөн кийин эч күмөн шегиң калышы мүмкүнбү: Бул жолдо бул үйдү курган Хандын түбөлүктүү, улуу жерлери ары түгөнбөс, абдан кымбаттуу казыналары... ары соңсуз, чексиз, абдан чоң байлыгы бар. Ушул үйдө көргөзгөн сый-урмат мет*ен меймандарынын табитин өзүнүн жанындагы нерселерге ачууда. Жана аларга даярдап койгон белектерге арзууларын ойготууда. Так эле ошондой сыяктуу ушул Дүйнө мейманканасындагы ахыбалды, жагдайды мас болбостон абайлап карап көрсөң ушул "Тогуз негизди түшүнөсүң.

Биринчи Негиз: Мына муну түшүнөсүң: ошол кербен сарай сыяктуу бул дүйнө дагы өзү үчүн эмес... Өзүнөн өзү да бул көрүнүштү алуусу мүмкүн эмес. Макулук кербендеринин келип конуп жана көчүп кетүүсү үчүн толуп бошолгон хикмет менен жасалган бир мейманканасы болуп саналат.

Экинчи Негиз: Ошондой эле мындайча түшүнөсүң:Ушул кербен сарайдын ичинде жашагандар - коноктор. Алардын Рабб-ы Керими* аларды Дар-ус Селамга* чакырат.

Үчүнчү Негиз: Мындайча түшүнөсүң: ушул дүйнөдөгү жасалгалар жалгыз гана рахатка батуу үчүм, көңүлкөтөрүү үчүн эмес. Анткени, бир жолу лаззат берсе, андан айыруу менен узак убакыт кайгы берет.
Үн жок