ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 53
(1-161)

Мына, тез өлүүчү назик кооздолуп жасалган нерселер жана жарашбаган, башкача айтканда машак бербеген ар бири бирден укмуштай искусствосу болгон данектер, үрөөвдөр, уруктар ушул максатты толук орундайт. Пайдасыздыкка жана бош нерселикке жол бербейт. Демек, бардык нерсе жашоосу менен, денеси менен Устасынын кудурет мужизелерин, сан'ат-өнөрүн, чыгармачылыгын көрсөтүп Султан-ы Зулжелалдын* назарына буруу - биринчи максаты...

Экинчи бөлүм жаралуу максаты жана жашоо натыйжасы - акылы барларга карайт. Башкача айтканда бардык нерсе ар бири бирден Сани-и Зулжелалдын* акыйкаттарды көрсөткөн каттары, кулакка жагымдуу касыйдасы*, хикмет толо сөзү сыяктуу; периштелердин, живдердин, айбанаттардын жана адамзаттын назарына сунат жана мүталаа* этип ойлонууга чакырат. Демек, ага караган ар бир акыл ээсине ибрет* алуучу бир жер.

Үчүнчү бөлүм жаралуу максаты жана жашоонун натыйжасы - ошол нерсенин нефсине* карайт; лаззаттануу, көңүл көтөрүү, түбөлүктүүлүк жана рахат өмүр сүрүү сыяктуу эң кичинекей натыйжалар. Мисалы: Улуу Султандын кемесиндеги бир кызматкердин руль башкаруучулук кылуусунун максаты - кеме боюнча 1% (пайыз) өзүнө, акысына тиешелүү... 99% (пайызы) Султанына тиешелүү болгон сыяктуу эле; бардык нерсенин нефсине жана дүйнөгө тиешелүү максаты бир болсо, Устасына токсон тогуз болот. Мына мындай максаттардын көптүгүнөн бири-бирине карамакарш ы, терс сыяктуу көрүнгөн хикмет менен үнөмдөө, жоомарттык жана колу ачыктык жана ашкере чексиз жоомарттыктын тевфик* сыры мындай-ча: Бир жактан алып карасаң жоомарттык менен колу ачыктык көрүнөт. Жеввад* ысмы чагылышат. Мөмөлөр, үрөөндөр ошол жалгыз гана максат жагынан алып көрсөк эсепкысапсыз көп. Соңсуз жоомарттыкты көргөзөт.
Үн жок