ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 55
(1-161)

Андан кийин түбөлүксүздүк пардасы аркасына жамынып, көздөн кайым болог, сенин оозуңдан чыккан сөз сыяктуу жоголот. Бирок миңдеген үлгүлөрүн кулактарга сиңңирип кетет. Аны уккан канча акыл бар болсо ошончолук маанилерди акылдарга сиңдирил, түбөлүктүү кылат. Себе-би: маанисин түшүндүрүү милдети бүткөндөн кийин кетет. Бирок, аны көргөн ар кимдин эсинде сырткы көрүнүшүн жана ар бир уругунда мааневи (рухий) ич жүзүн калтырып андан кийин кетет. Ар бир акыл-эс менен ар бир урук- хыфз-ы зинети* (тышкы көрүнүштү сактоо ) үчүн ар бири бирден фотоаппарат жана түбөлүктүү болуусу үчүн ар бири бирден жер сыяктуу. Эң жөнөкөй жашоо түрү болгон өсүмдүк ушундай болсо, эң жогорку жашоо түрү болгон жана соңсуз рухтун ээси болгон Адамзат түбөлүктүүлүк менен канчалык байланышта болгону бат эле билинет. Гүлдүү жана мөмөлүү чоң өсүмдүктөрдүн бираз рухка окшогон ар бирисинин жаралуу мыйзамдары, көрүнүшү атомдор сыяктуу уруктарда укмуштай сонун тартип менен, төңкөрүштөр ичинде дайыма кала берүүсү жана сакталуусу -абдан биримдүү жана абдан бийик ич жү-зүнө ээ, башкача бир дене кийдирилген, акылдуу, нурдуу бир мыйзамдын буйругу болгон адмзаттын руху- түбөлүктүү соңсуздук менен кандай даражада тыгыз байланышта экени түшүнүктүү болот.

Алтынчы Негиз: Мындайча түшүнөсүң: адам баласы жиби мойнуна байланып каалаган жерде оттош үчүн башы бош калтырылган эмес; балким бүткүл амалдарынын көрүнүштөрү алынып жазылат жана бүткүл кыймыл-аракеттеринин натыйжалары суракка тартуу үчүн тиркелип коюлат.

Жетинчи Негиз: Мынадайча түшүнөсүң: Күз мезгилиндеги жай, жаз ааламынын сонун жаратылган нерселериңин кыйрап талкалануусу таптакыр жок болуп кетүү эмес, өлүм эмес. Балким милдеттери аяктагандан кийин дем алышка чыгуусудур. (Түшүндүрмө)

Үн жок