ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 58
(1-161)

 (Түшүндүрмө): Жетинчи жолдун түшундүрмөсүнө кара

Көрбөй турасыңбы, жаз айынын дайыма гүлдүү, мөмөлүү бүткүл бар болгон нерселерди жана булардын өзүлөрүнчө амалдептерлери жана жаралуусунун мыйзамдары жана көрүнүштөрүнүн үлгүлөрүн кичинекей уруктардын ичине жа-зып сактоодо. Экинчи жаз айында аларга жараша бир эсеп ичинде амалдептерлерин жайып укмуштай сонун тартип жана хикмет менен башка чоң бир жаз ааламын жаратуу менен; хафызийеттин канчалык күчтүү камтуу менен иш аткарганын көрсөтүүдө. Кызык, тез өтүп кетүүчү, жөнөкөй, түбөлүксүз, соңдуу маанисиз нерселерде минтип сактаса, кайып* ааламында, акырет ааламында, рухлар ааламында, Рубубийет-и Аммеде* маанилүү жемиш берген адамзаттын амалдары, кылган иштери эске тутуу ичинде күзөтүлүү жолу менен, маанилүүлүк менен жазылып тиркелбей коюсу эч мүмкүнбү? Жок мүмкүн эмес!...

Ооба, ушул Хафызийеттин ушундай чагылуусунан муну түшүнсө болот: Бул жаралган нерселердин Малики (ээси) мүлкүндө болуп жаткан бардык нерсенин сакталуусуна чоң маани берүүсү бар. Хакимийет* милдетинде абдан дыккаттуулук кылат. Ошондой эле Салтанат Рубубийетинде* абдан чоң маани берет. Ушундай даражада дейсиң, эң кичинекей бир нерсени, эң кичинекей кызматты жазат, жаздырат. Мүлкүндө, кол астында болуп жаткан бардык нерсенин көрүнүшүн, өңтүсүн көптөгөн нерселерде сактап калат.

Ушул Хафызийет мына буга ишаарат кылат: Келечекте маанилүү сурак-амал дептери ачылат жана ич жүзү боюнча эң чоң, эң кадырлуу, эң ардактуу бир макулугу болгон адамзаттын чоң амалдары, жасаган маанилүү иштери, маанилүү бир эсепке жана бир мыйзамга (тартипке) кирет. Амал дептерлери ачылып жайылат.

Үн жок