ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 61
(1-161)

Эч мүмкүн бекен; Алим-и Мутлак* жана Кадир-и Мутлак* болгон ушул сан'аттардын Устасы; бардык пайгамбарлардын дапдаана кабар берип кеткен жана бардык Сыддыкиндер* жана олуялардын ижма* менен күбө болушкан көп жолу кайталанган убада жана ваид-и илахисин* орундабай - хаша - аткарбай алсыздыгын жана караңгы түркөйлүгүн көрсөтсүн?! Чындыгында убада жана ваидиндеги* буйруктар Кудуретине эч оор келбейт; абдан жеңил жана абдан оңой... өткөн жаз айынын эсепсиз көп бар болгон нерселерин келээрки жазда кээ бирин далмадал (Түшүндүрмө-1)

(Түшүндүрмө-1): Дарак жана чөптөрдүн тамырлары сыяктуу.

Кээ бирин окшош кылып (Түшүндүрмө-2) жараткан сыяктуу опоңой. Убаданы орундатуу болсо; бизге жана бардык нерсеге, өзүнө жана Рубубийет Салтанатына өтө керектүү.

(Түшүндүрмө-2) Жалбырактар, мөмөлөр сыяктуу.

Убададан таюу болсо - кудуреттүү иззетине терс келет, ошондой эле чексиз, соңсуз илимине каршы келет. Анткени, убададан таюу - же акылсыздыктан же алсыздыктан келет.

Эй Кудайга ишенбеген адам! Билесиң-би, атеисттигиң менен жана каапырлыгың менен канчалык акмактай бир иш кылып жатасың; өзүңдүн жалганчы түшүнүгүндү, дөөрүк акылыңды, алдамчы нефсиңди колдоп, эч бир жактан сөзден таюуга жана терсликке мажбур болбогон жана Анын иззетине, касиетине терслик эч бир жактан жарашпаган жана бардык көрүнгөн нерселер жана иштердин сыддыккына* жана хакканийетине* күбө болгон Бирөөнү ждлганга чыгарып жатасың! Абдан кичинекей бир иш менен абдан чоң бир кылмышты жасап жатасың! Албетте, түбөлүктүү жана чоң жазага татыктуу болоеуң! Кээ бир эхл-и жехеннемдин* (тозоктук) бир тиши бир тоо сыяктуу болуусу кылмышынын чоңдугуна салыштырма катары берилген.

Үн жок