ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 59
(1-161)

Кызык, эч мүмкүн бекен; адам баласы халифелик* жана аманат менен урматталсын, Рубубийеттин жалпы иштерине күбө болуп макулуктар ааламында Аллахтын бар экендигин жарыялоо менен көптөгөн жаратылган нерселердин тесбихат* жана ибаадаттарына катышып (аралашып) жетекчилик жана күбө даражасына чыксын, андан кийин кабырга (мүрзөгө) кирип ырахат жатсын жана ойготулбасын?!..

Кичине-чоң ар бир амалдарынан суракка тартылбасын?! Махшерге* барып Махкеме-и Күбраны көрбөсүн?! Жок, мүмкүн эмес!...

Ошондой эле келечекте боло (Түшүндүрмө) турган бүткүл мүмкүнчүлүккө күчү жете тургандыгына бүткүл өткөн замандагы кудуреттүү мужизеси болгон нерселерди караган жана Кыямат менен Хаширге абдан окшош кыш менен жазды ар убакыт жараткан бир Кадир-и Зулжелалдан* адам баласы кантип эле жоктукка кача алат то-пуракка кирип жашына алат? Бул дүйнөдө ага ылайык эсепсурак көрүлбөйт, эч кандай өкүм берилбөөдө. Андай болсо ал-бетте бир Махкеме-и Күбрага* жана абдан чоң сый-урмат жерине барат.

(Түшүндүрмө): Ооба, ушул убакыттан тээ ааламдын жаралуу заманына чейинки өткөн заман - жалпылай болуп өткөн иштер. Болуп өткөн ар бир күнү, ар бир жылы, ар бир кылымы - ар бири бирден сап, ар бири бирден барак, ар бири бирден китеп болот; булар Тагдыр Каламы менен сүрөтү чи-йилген дест-и кудурет* (кудурет колу) мужизелүү аяттарын аларды үстүнө кемал-и хикмет* жана тартип менен жазып койгон. Азыркы замандын тээ Бейишке, тээ Кыяматка, тээ соңсуздукка че-йин болгон келечек заман - жалпылай мүмкүн боло турган нерсе.
Үн жок