ЖЕТИНЧИ АКЫЙКАТ: Хыфз* жана Хафызийет* эшиги болуп, Хафиз* жана Ракиб* ысымдарынын чагылуусу.
Эч мүмкүн бекен: Көктө, жерде, топуракта, деңизде, суукургак, кичине-чоң, жөнөкөй-улуу, бүт бардыгын укмуштай тартиптүүлүк жана мыйзам ичинде коргоп, бир түрдүү суракка тартуу ичинде натыйжаларды элеген бир хафызийет; адам сыяктуу чоң жаратылышта, хилафет-и күбра (чоң башкаруучулук) сыяктуу бир даражада, улуу аманат сыяктуу чоң милдети болгон адамзаттын Рубубийет-и Аммеге* байланышкан амалдары жана кыймыл-аракеттери сакталбасын, корголбосун?! Суракка тартылуу элегинен өткөзүл-бөсүн?! Адилет таразасына тартылбасын?! Ишине жараша жаза же сый-урмат берилбесин?! Жок, мүмкүн эмес!...
Ооба, ушул каинатты башкарган Падыша бардык нерсени тартип жана мыйзам ичинде коргоодо. Тартип жана мыйзам болсо; илим менен хикмет жана эрк менен кудуреттин көрүнүшү. Анткени, көрүүдөбүз: ар бир жаратылган нерсе; денесинде абдан тартиптүү жана өлчөмдүү жаратылууда. Ошондой эле жашоосунун аягына чейин алмаштырган көрүнүштөрүнүн ар бири тартиптүү болсо дагы, хей'ет-и межмуасы* да бир мыйзамдын кол астында. Себеби, көрүүдөбүз милдетинин аякталышы менен өмүрүнүн бүткөн жана ушул дүйнөдөн көчүп кеткен бардык нерсенин; Хафыз-ы Зулжелал* көптөгөн көрүнүштөрүн эявах-ы махфуза* сыяктуу болгон (Түшүндүрмө) °эске тутууларда жана бир түрдүү мисалдуу күзгүлөрдө сактап, өмүр-баянынын көбүн данегине, натыйжаларына оймолоп-чиймелеп жазууда. Сырткы жана ички күзгүлөрдө түбөлүктүү кылууда. Мисалы, адамзаттын эске тутуусу, дарактын мөмөсү, мөмөнүн данеги, гүлдүн уругу Хафызийет* мыйзамынын камтуусунун улуулугун көрсөтүүдө.