ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 56
(1-161)

 (Түшүндүрмө)

Ооба, рахметтин ырыскы казыналарынан болгон бир дарактын учундагы жана талдарынын башындагы мөмөлөр, гүлдөр, жалбырактар картайып милдети аяктагандан кийин кетүүлөрү керек. Неге дегенде аркаларынан агып келгендерге эшик жа-былбасын. Антпесе, рахметтин молчулугуна жана башка ырыскылардын кызматына тоскоолдук болот. Ошондой эле өздөрү жаштыктын бүтүшү менен талкаланып жок болушат. Мына, жаз айы дагы Махшерди* эске келтирген мөмө берүүчү дарак болуп саналат. Ар бир кылымдагы адамзат ааламы - сабак (дарс) берүүчү дарак болуп саналат. Жер бети да ажайып махшер* кудуретинин дарагы болот. Керек болсо Дүйнө Шары дагы - жемиштери тигил дүйнө базарына жиберилген таң калаарлык дарак.

Ошондой эле жаз айында келс турган макулуктарга жер бошотуу үчүнжана жаңы кызматчылардын келип конуусу жана башка бардык кызматчы яерселердин келүүсү үчүн жер даярдоо дайындык болот. Ошондой эле акылдуу жандарга милдетин унуттурган кайдыгерликтен жана шүгүрчүлүк кылууну унуттурган мастыктан Суб-хании* эскертүү экенин түшүнөсүң.

Сегизинчи Негиз: Мындайча түшүнөсүң: Ушул жалган дүйнөнүн түбөлүктүү Устасы үчүн башка жана түбөлүктүү ааламы бар кулдарын ал жерге которуп жи-берет жана ал жерге чакырат.

Тогузунчу Негиз: Мындайча түшүнөсүң: Мынадай Рахман* ушундай ааламда ошондой баш ийген кулдарын ушунчалык сыйга бөлөйт дейсиң... не көз көрдү, не кулак укту, не адамдардын жүрегүнө билдирилди. Аменна *....

Үн жок