ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 54
(1-161)

Бирок, жалпысынан алып карап көрсөк хикмет өкүмдук кылат. Хакиим* ысмы чагылышат. Бир дарактын канчалык мөмөлөрү бар, балким ар бир мөмөнүн ошончолук максаттары бар, баян кылынган үч кысымга карап көрүңүздөр. Ушул жалпы максаттар - соңсуз бир хикметти жана үнөмдү көргөзөт. Терс сыяктуу көрүнгөн соңсуз хикмет соңсуз жоомартт*"* жана колу ачыктык менен жыйналууда. Мисалы, калың аскер баталъонунун бир максаты - тынчтыкты сактоо. Бул максатка ылайык канча аскер кааласаң бар жана абдан көп. Бирок, чекараны коргоо жана жоого каршы туруу сыяктуу милдеттер үчүн бул аскерлер арандан зорго жетиштүү келет. Кемал-и хикмет менен өлчөлүүдө. Мына, өкүмөтүн хикмети хашмет (айбат)* менен топтоодо. Андай oщол аскерликте ашыкчалык жок деп айтса болот.

Бешинчи негиз: Мындайча түшүнөсүң:Уитул кооздолуп жасалган түбөлүксүз жасалгалар убактылуу үчүн эмес, бир жалт этип жоголуп кетүү үчүн жаратылышкан эмес. Балким денеде убактылуу топтолуп, керектүү бир жагдай алууда; неге дегенде көрүнүштөрү алынсын, үлгүлөрү тутулсун, маанилери билинсин, берген натый-жалары сакталып коюлсун.

Мисалы эхл-и эбед* үчүн түбөлүктүү көрүнүштөр даярдалсын. Ошондой эле, соңсуздук ааламында башка максаттар үчүн колдонулсун. Нерселер түбөлүктүүлүк үчүн жаратылганын, түбөлүксүз үчүн жаратылбаганын, балким көрүнүштө у-бактылуу болуп көрүнгөнү менен белгилүү бир милдетти аткарганын жана дем-алышка чыккандыгын мындайча түшүнсө болот: Түбөлүксүз бир нерсе бир жактан жок болуп кетсе, көп жактан түбөлүктүү калат. Мисалы: "Кудурет" сөзү жазылган ушул гүлгө карачы: Кыска бир убакыт и-чинде ал гүл бизге жылмайып карайт.
Үн жок