ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 52
(1-161)

Сага таттырат, табитиңңи ачат, бирок тойгузбайт. Себеби, же анын өмүрү кыска, же сснин өмүрүң кыска. Тоюга жетээрлүү эмес. Демек, баасы кымбат, өмурү кыска болгон ушул жасалга-зыйнат - сабак алуу үчүн. (Түшүндүрмө) 0 Төртүнчү Негиз: Мындайча түшүнөсүң: Ушул дүйнөдөгү жасалгалар болсо (Түшүндүрмө-1) Ыйман келтиргендер үчүн Бейиште Рахмандын* рахмети менен топтолгон ырыскылардын үлгүлөрү, көрүнүштөрү сыяктуу.

(Түшүндүрмө): Ооба, ар нерсе кымбат жана назик чеберчилиги абдан жогору жана кооз болсо дагы өмүрү кыска, мөөнөтү аз. Демек ал нерселер - үлгүлөр болуп саналат. Башка нерселердин көрүнүштөрү өкүмүндө. Жана кардарлардын назарын жанагы көргөзмөлөрдөгү нерселердин асыл нускасына буруп жаткандай бир жагдай бар.Андай болсо, албетте ушул дүйнөдөгү ошондой жасалга-зыйнаттар - бир Рахман-ы Рахимдин* рахмети менен сүйгөн кулуна даярдап койгон Бейиш ырыскыларынын үлгүлөрү деп айтса болот жана ошентип айтылат жана чындыгында деле ошондой.

0 (Түшүндүрмө-1); Ооба, ар нерсенин жаратылышынын көптөгөн максаттары жана жашоосунун көп сандаган натыйжалары бар. Кудайга ишенбегендердин кокуйлап коркушкандары сыяктуу дүйнөгө, нефистерине караган максаттарга гана тиешелүү эмес. Неге дегенде, бош нерселик, хикметсиздик ичине кире албасын. Ар нерсенин жаратылышынын максаттары жана жашоо натыйжасы үч бөлүктөн турат:

Биринчиси жана эң улуусу - Устасына карайт. Ошол нерсеге таккан укмуштай чебердүүлүк менен жасалган жасалгаларды Шахид-и Эзелинин* назарынан өткөзүп алыш керек, ошол назарга келипкетүүчү ар бир жашоо жетиштүү келет. Балким, жарала электе, билкувве* ниетинде болгон жөндөмдүүлүк да жетиштүү келет.
Үн жок