ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 50
(1-161)

Ошондой эле ошол бүткүл баш ийүүчүлөр Сани-и Зул-желалдин* кымбаттуу ихсанатынын* үлгүлөрүн жана укмуштай сонун антикаларын* аалам базарынын көргөзмөлөрүндө, соода назарында көрүш үчүн ушул көргөзмөлөрдө бир нече мүнөт токтоп карап жатышат, андан кийин жок болушууда. Ушул көргөзмө болсо ар бир мүнөт ку-булуп турат. Кеткен келбейт... келген кетет. Мына бул ахыбал жана жагдай дапдаана муну көрсөтүп турат: Ушул мейманкана жана ушул майдан; ушул көргөзмөлөрдүн аркасында : ошол түбөлүктүү Салтанатка ылайык жана татыктуу боло турган түбөлүктүү сарайлар, соңсуз мекен жайлар, ушул дүйнөдө көрүнгөн үлгүлөрдүн жана көрүнүштөрдүн таптаза жана абдан бийик негиздерине толтура бакча жана казыналары бар. Демек, бул жерде тырышып иштөө - алар үчүн. Бул жерде иштеттирет, тигил жерде акысын берет. Ар кимдин кылган ишине жараша - эгер туура жолдон тайбаса - ал жерде бир саадаты, бир бакыты бар. Ооба, ошондой тү-бөлүктүү салтанаттын ушул убактылуу, тез өтүп кетүүчү бечаралардын үстүнө туруусу мүмкүн эмес (мүшкүл).

Ушул акыйкатка мына ушул тамсил дүрбүсү менен карап көрчү: Мисалы, сен жолдо кетип бара жатасың. Карасаң жол үстүндө бир кербен сарай турат. Бир атактуу хан ошол кербен сарайды өзүнө келген меймандары үчүн курдуруптур. Ошол меймандардын бир түнкү эс алуусу жана ибрет* алуусу үчүн ошол үйдүн жасалгасына миллиондогон алтын сарптайт экен. Ошондой эле ал меймандар ошол жасалгалардын аз эле жерине аз бир убакытта карап ошол ырыскылардын абдан аз бир убакытта кичине эле ооз тийип тоё албастан кетип бара жатышат. Бирок ар бир мейман өзүнө тиешелүү фотоаппарат менен ал үйдөгү нерселердин көрүнүштөрүн сүрөткө тартып алышууда.
Үн жок