ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 60
(1-161)

Башкача айтканда өткөн чак -болуп өткөн нерселер, келээр чак мүмкүнчүлүгү боло турган нерселер. Мына ошол эки замандын эки чынжырламасы бир-бирине каршы салыштырылса; кандайча кечээки күндү жараткан жана ал күнгө тиешелүү блгон нерселерди жараткан Аллах, эртеңки күндү болотурган нерселери менен жаратууга күчү жете ала тургандыгына эч бир шек жок. Так ошондойчо, ушул ажайыптуу өткөн замандын нерселери жана укмуштары бир Кадир-и Зулжелалдин* мужизеси экендигине эч шек жок. Ошол Кадирдин бүткүл келечек замандын бардык мүмкүнчүлүктөрүн жаратуусуна, бүткүл ажайыптуу иштерди жаратуусуна күчтүү күбө болушат. Ооба, кандайча бир алманы жаратуу үчүн албетте дүйнө жүзүндөгү бүткүл алмаларды жаратууга жана чоң жаз айын жаратууга күчү жетүүгө ти~ йиш. Жаз айын жарата албаган бир алманы жарата албайт. Анткени ал алма ошол эле тезгахта* жасалат, токулат. Бир алманы жараткан жаз айын да жарата алат. Бир алма - бир дарактын, балким бир бакчанын, балким каинаттын кичирейтилген мисалы. Ошондой эле искусство боюнча килейген дарактын бүткүл жашоо тарыхын ташыган алманын данеги боюнча ушундай бир сонун сан'ат дейсиң - аны ошентип жараткан эч бир нерседен алсыз калбайт. Так ошондой эле, бул күндү жараткан Кыямат күнүн да жарата алат жана жаз айын жаратканга күчү жете турган Хаширди жарата алган Бирөө боло алат. Өткөн замандын бүт ааламдарын убакыттын жибине кемал-и хикмет* жана тартиптүүлүк менен тагып көргөзгөн албетте келечек замандын жибине да башка каинатты* тагып көргөзө алат жана көргөзөт. Сөздөрдө, айрык-ча Жыйырма Алтынчы Сөздө укмуштай сонун далилдеп бергенбиз: "Бүткүл нерсени жарата ал-баган эч бир нерсени жарата албайт жана бир гана нерсени жараткан бүткүл нерсени жасай алат. Ошондой эле нерселердин жаратылуусу бир гана Кудайга берилсе бүткүл нерселер бир тек нерсе сыяктуу жеңил болот жана жеңилдик пайда болот. Эгерде "көптөгөн себептер жаратты" деп айтылса жана көпчүлүккө берилсе, анда бир тек нерсёнин жаратылуусу бүт нерселердин жаратылуусундай абдан кыйын болот жана мүмкүнсүздүк даражасында мүшкүлдүк пайда болот.

СЕГИЗИНЧИ АКЫЙКАТ: Ваад* жана Ваид* эшиги. Жэлил* жана Жемил* ысымдарынын чагылуусу.

Үн жок