ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 63
(1-161)

Ооба, ушул ааламдын Мутасаррыф-ы Зишаны* ар кылымда, ар бир жылда, күн сайын бул тар, туруксуз Дүйнө жүзүңдө Улуу Хаширдин жана Кыямат майданынын көптөгөн мисалдарын, көргөзмөлөрүн жана ишаараттарын жаратууда. Бул сүйлөмдөн:

Жаз көктөмүндө көрүүдөбүз: беш-алты күн ичинде кичине жана чоң жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн үч жүз миңден ашкан түрүн тирилтип көбөйтүүдө. Бардык дарактардьщ, чөптөрдүн тамырларын жана кээбир жаныбарларды так эле ошо бойдон тирилтип мурдагы ахыбалына алып келүүдө. Башкаларын далма дал болбосо да окшош кылып жаратууда. Чынында, нерселик жагынан а-йырмасы абдан аз болгон үрөөндөр ушун-чалык аралашып кетсе дагы укмуштай ирээттүүлүк менен бир-биринен айырмалап бөлүп жана кебетекейип берүү менен ошончолук ылдамдык, кенендик жана о-ңойлук ичинде укмуштай сонун тартип жана мыйзам менен алты күн же алты жумада тирилүүдө. Эч мүмкүн бекен; бул иштерди жасаган Бирөөгө бир нерсе оор келсин, асман менен жерди алты күндө жарата албасын, адамзатты бир үн салуу менен ойгото албасын жана тирилте албасын?! Хаша, жок мүмкүн эмес!... Кызык, эгерде мужизе көрсөткөн бир жазуучу бар болсо, тамгалары бузулган же болбосо талкаланган үч жүз миң китепти бир гана баракка аралаштырбай, катасыз, жа-ңылышсыз, бүт бардыгын бирге абдан сонун түрдө бир саатта жазса; бирөө сага десе: "Бул жазуучу өзү жазган, сенин сууга түшүп кеткен китебиңди кайрадан бир мүнөт ичинде жатка жаза алат".

Сен: "Жасай албайт, ишенбейм..." дей аласыңбы??!!

Же болбосо бир мужизе көрсөткөн Султан, өзүнүн кудуретин көрсөтүү үчүн же сабак берүү, же тенеззүх* үчүн бир ишаарат менен тоолорду көтөрүп мамлекеттин жерин алмаштырып таштаса, де-ңизди соолтуп топуракка айлантканын көрсөң: андан кийин карасаң: килейген бир таш дарыяга түшүп басып калыптыр.
Үн жок