ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 65
(1-161)

Ошондой эле жандуу нерселердин бардыгынын денелерин жоктон укмуштай тартиптүүлүк менен молекулаларды "Күн фейе күн" буйругу менен түзүп жерлештирген, аскерлерди жараткан. Зат-ы Зулжелал* аскердик бөлүк мисалындагы жасаттардын буйругу алдына кирүү менен бир-бири менен таанышкан молекулалардын негизин жана бөлүктөрдүн негизин бир үн салуу менен кантип топтой алат деп айтууга болобу?

Ошондой эле бул жаз көктөмүнүн тирилүүсүнө окшош, ар доордо, ар кылымда, керек болсо түн менен күндүн алмашуусунда, керек болсо көктөгү абада булуттардын жаралуусу жана таралып жок болуусунда хаширге көрсөтмө жана мисал жана белги боло турган канчалык кооздолуп жасалган искусстволорду жаратканын көзүң менен көрүп турасың, керек болсо эгер кыялдуу түрдө миң жылкы замандамын деп ойлосоң, анан замандын эки канаты болгон өткөн заман менен келе-чек заманды бир-бирине каршылаштырсаң; кылымдар, күндөрдүн саны канча болсо ошончолук хаширдин жана кыяматтын мисалдарын көрөсүң. Андан ки-йин мынчалык көргөзмө жана мисалдарды көрүп туруп хаширдин боло тургандыгына ишенбей акылдан узак көрүп күмөн саноо менен жокко чыгарсаң; канчалык келесоолук болгонун сен да түшүнөөрсүң....

Карачы! Ферман-ы Азам биз айтып өткөн акыйкат жөнүндө эмне дейт: 


فَانْظُرْ اِلَى آثَارِ رَحْمَةِ اللّهِ كَيْفَ يُحْيِى اْلاَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ اِنَّ ذلِكَ َلمُحْيِى 


اْلمَوْتَى وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Үн жок