ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 66
(1-161)

КОРУТУНДУ: Хаширге тоскоол болгон эч нерсе жок. Талап кылган нерселер - бардык нерселер.

Ооба, ажайыптуу махшер* болгон ушул чоң Дүйнөнү жөнөкөй бир жаныбар сы-яктуу өлтүрүп кайра тирилткен жана а~ дамзат менен жаныбарларга ыңгайлуу бир бешик, сонун бир кеме кылган жана Күндү аларга ушул мейманканада шоола берүүчү жана жылытуучу бир лампа кылган, планеталарды Периштелерине тай-йаре (самолёт) кылган Бирөөнүн бул даража чоң жана түбөлүктүү Рубубийети жана бул даража улуу чоң акимчилиги; албетте жалгыз гана мындай өтүп кетүүчү, аркасы жок, кубулмалуу, маанисиз, туруксуз, түбөлүксүз, кемчиликтүү, текеммүлсүз* жалган Дүйнө үстүнө курулбайт жана турбайт.

Демек, Ага ылайык, түбөлүктүү, өкүмдүҮ, бүтпөс, укмуштай сонун бир акырет жери бар. Башка түбөлүктүү соңсуз мамлекети бар. Бизди ал жер үчүн иштетет. Ал жерге чакырат жана ал жерге алпара тургандыгына көрүнүштөн акыйкатка өткөн жана алдына барган бардык рухтардын ээлери, жүрөктөрү нурга бөлөнгөн бардык олуялар, бардык нурдуу акыл ээлери күбөлүк кылышууда жана бир сыйлыкжана жаза жерин даярдаганын биргелешип кабар беришүүдө жана көп жолу абдан күчтүү убада жана өтө катуу эскертүүдө деп бйзге жеткизишүүдө.

Убададан таюу болсо ары зиллет* ары маскаралык болот. Эч бир жактан Анын ыйык желалине* жарашпайт. Жаза берүүдөн баш тартуу болсо же кечиримден же алсыздыктан келет. А чындыгында атеизм - барып турган кылмыштардын кылмышы (Түшүндүрмө) 0 Кечиримге ылайык эмес... Кадир-и Мутлак* болсо алсыздыктан мүнеззех (узак).

Үн жок