ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 69
(1-161)

Ошондой эле эч мүмкүн бекен; данек сыяктуу ар бир жаралган нерсеге бир дарактын милдет жүгүн жүктөсүн, гүлдөрүндөй хикметтерди отургузсун, жемиштери канча болсо ошончолук маслахаттарды* (пайда, максат) таксын, анан ошол милдетке, ошол маслахаттарга ошол хикметтерге жүзү дүйнөгө бурулган жалгыз гана бир данекчелик максат берсин?! Бир чөптүн уругундай маанисиз дүйнөлүк түбөлүктүүлүгүн максат кылсын?! Жана буларды Маана Ааламында* данек жана Акырет Ааламына* бир талаа жасабасын?! Неге дегенде чыныгы жана ылайык максаттарды беришсин жана мынчалык маанилүү ихтифалатты* (жыйналыш) максатсыз, бош, пайдасыз калтырсын?! Алардын жүзүн Маана Ааламына*, Акырет Ааламына бурбасын?! Неге дегенде, чыныгы максаттарды жана ылайык мөмөлөрүн көрсөтсүн.

Ооба, эч мүмкүн бекен: бул нерселерди мындай акыйкатка терс кылуу менен өзүнүн чыныгы сыпаттары болгон Хаким, Керим, Адил, Рахим атту ысымдарынын терстери менен - хаша, сүмме хаша* -жаман сыпаттуу кылып көргөзүп хикмет жана керемине, адилеттүүлүгүнө жана рахметине далил болуучу каинаттын акыйкатын жалганчы чыгарсын?! Бүткүл жаралган нерселердин күбөлүгүн кабыл этпей койсун?! Бардык сан'аттардын далилдерин жаратпай койсун?!

Ошондой эле эч бир акыл кабыл этет бекен: адамзаттын башына жана ичиндеги сезимдерине чачтары канча болсо ошончодук милдеттерди жүктөсүн да, жалгыз бир чач өкүмүндө болгон дүйнөлүк акысын берсин?! Чыныгы адилеттүлүгүнө терс жана чыныгы хикметине каршы маанисиз ишжасасын?!

Үн жок