ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 67
(1-161)

 (Түшүндүрмө)

Ооба, атеизм - жаратылган нерселердин баркын билбегендигинен, маанисиз деп эсептегендигинен бүткүл каинатка каршы акаарат жана жаратылыштын күзгүлөрүндө Аллахтын ысымдарынын чагылуусун жокко чыгаргандыгы үчүн, Аллахтын ысымдарынын бардыгына каршы шылдыңдоо болговдугунан жана жаратылыштын Вахданиетке* болгон күбөлүгүн кабыл этпегендигинен, бардык макулуктарды жалганга чыгаруу болгондугунан адам баласынын жөндөмдүүлүгүн ушунчалык бузат дейсиң: жакшы жана кайырдуу нерселерди кабыл этүүгө эч бир жөндөмү калбай калат.

Ошондой эле абдан чоң зулум болот, жалпы макулуктардын жана Аллахтын ысымдарынын бардыгынын укугун тебелептепсөө болуп саналат. Мына ушул укуктун сакталуусу жана атеист нефистин кайырга жөндөмсүздүгү ( атеизмдин кечирилбей тургавдыгын талап кылат. 

اِنَّ الشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ



аяты ушул маанини түшүндүрөт.                              

Күбөлөр, кабар берүүчүлөр болсо - кесиптеринде, адаттарында, жолдорунда ар түрдүү болсо дагы бирге аракет этүү менен ушул маселенин негизинде бир болуп саналат. Көптүгү боюнча теватур(күчтүү кабар) даражасында. Ич жүзү боюнча ижма* даражасында. Мевки*(жер айырма-чылыктары) боюнча ар бири адамзаттын бир жылдызы, бир тайпанын көзү, бир элдин азиздери. Маанилүүлүгү боюнча ушул маселе туурасында эхл-и ихтисас* ошондой эле эхл-и исбат*(далилдөөчүлөр) болуп саналат. Чындыгында бир фенде*(сабакта) же бир өнөрдө эки далилдөөчү кищи миңцеген башка адамдардан үстөм жана бир кабарландырууда эки далилдөөчү адам миңцеген жокко чыгаруучуларды жеңип кетет. Мисалы: рамазанда айдын туулганын кабар берген адам миңдеген жокко чыгаруучуларды жеңип чыгат.

Үн жок