Ал Султандын тамак-ашына чакырган меймандарынын жолун тосуп бөгөттөп алыптыр, тигилер өтө албай жатышат. Бири сага десе: " Бул Султан, бир ишаарат менен ал килейген ташты канчалык чоң болсо болсун көтөрүп алып таштай алат, же талкалап таш талканын чыгарып салат. Меймандарын жолго таштабайт". Сен десең: " Жок ал ташты көтөрө ал-байт..."
Же болбосо бир киши жаңыдан чоң бир полк аскерди бир күндө топтосо, бирөө десе: " Ал бир сурнай үнү менен эс алып жаткан аскерлерди топтоп, жыйнай алат. Аскерлер Анын буйругун угушат. Сен десең: "Ишебейм!" Канчалык келесоочо иш кылганыңды түшүнөөрсүң....
Мына бул үч тамсилди түшүнгөн болсоң быякка кара: Наккаш-ы Эзели* көзү-бүздүн алдында кыш айынын аппак барагын жаап, жаз менен жайдын жапжашыл барагын ачып, Дүйнө Шарынын барагында үч жүз миңден ашкан түрлөрдү Кудурет жана Тагдыр Каламы менен көркөм сүрөт түрүндө жазат. Бир бири ичинде бири бирине аралашпайт. Бири бирине тоскоол болбойт, бирге жазат. Кебетекешпир берүү жана өңтүспөл берүү боюнча бири-биринден айры калат, эч адашпайт. Жаңылыш жазбайт.
Ооба, эң чоң бир дарактьт рух программасын бир чекит сыяктуу эң кичинекей данекке жазып, сактап койгон бир Зат-ы Хаким-и Хафиз* өлгөндөрдүн рухтарын кандайча сактай алат деп айтууга болобу?
Жана Дүйнө Шарын бир сапан ташы* сыяктуу айланткан Зат-ы Кадир* тигил дүйнөгө кеткен меймандардын жолунда Бул дүйнө Шарын кантип ташталкан кылып чачып жиберет деп айтууга болобу?