ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 62
(1-161)

Мисалың ушул жолоочуга окшош: Күндүн шооласынан качып көзүн жумат, башынын ичиндеги оюна карайт. Ою болсо бир жылдыз коңузу сыяктуу башындагы чырактын жарыгы менен коркунучтуу караңгы жолун жарыктандыргысы келет.

Ушул жаралган нерселер ак сүйлөгөн садык сөздөрү, ушул ааламдагы болуп жаткан окуялар туура сүйлөгөн натык зяттары болгон Женаб-ы Хак чын эле у-бада берген экен, андай болсо албетте орундатат. Бир Махкеме-и Күбраны ачат Абдан чоң бакыттаалай берет.

ТОГУЗУНЧУ АКЫЙКАТ: Ихйа* жана Имате* эшигю Хайй-ы Каййум*, Мухйи* жана Мумит* ысымдарынын чагылуусу.

Эч мүмкүн бекен; өлүп куруп калган чоң Дүйнөнү тирилткен жана ошол тирилтүү ичинде ар бири адамзаттын хашири сыяктуу ажайып, үч жүздөн ашкан макулук түрлөрүн тирилтип жана жайып кудуретин көрсөткөн жана ошол хашир менен жаюу ичинде, укмуштай аралаш и-чинде укмуштай айырмалар аркылуу соңсуз, чексиз илимин көрсөткөн жана бардык Семави* кабарлары менен адамзаттын кайрадан тирилүүсүн убада кылуу менен бардык кулдарынын назарынын түбөлүктүү бакыттаалайга бурган жана бардык жаралган нерселерди буйрук жана эрки астында айлантып, бири-бирине жардамчы жана кызматчы кылуу менен улуу чоң Рубубийетин* көрсөткөн; жана адамзатты каинат дарагынын эң жами*, эң назик, эң назенин*, эң эрке, өтө нияздар* бир жемиш түрүндө жаратып, өзүнө мухатаб (угуучу) дел кабыл этип бүткүл нерсени ага кызматчы кылуу менен адам баласына мынчалык маани бергендигин көрсөткөн бир Кадир-и Рахим, бир Алим-и Хаким Кыяматты жүргүзбөсүн?! Хаширди жаСабасын жана жасай албасын?! Адамзатты тирилтпесин жана тирилте ал-басын?! Махкеме-и Күбраны ача албасын?! Бейиш менен Тозокту жарата албасын?! Хаша жана келла!!!.. Жок, мүмкүн эмес!...

Үн жок