ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 70
(1-161)

Ошондой эле эч мүмкүн бекен: бир даракка таккан натыйжалар канча болсо ошончолук ар бир жандуу нерселерге, балким тил сыяктуу ар бир мүчөсүнө, балким ар бир сан'атка ошончолук хикметтерди, маслахаттарды тагуу менен; Өзүнүн бир Хаким-и Мутлак* болгонун далилдеп көрсөтсүн... анан бардык хикметтердин эң чоңу жана бардык маслахаттардын эң маанилүүсү жана бардык натыйжалардын эң керектүүсү жана хикметти хикмет, ниметти нимет, рахметти рахмет кылган жана бардык хикметтрдин, рахметтердин, маслахат тардын, ниметтердин булагы жана максаты болгон түбөлүктүүлүк жана ликаны* (жолугушуу) жана түбөлүктүү бакыттаалайды бербестен бардык иштерин бош нерселикке таштап жана Өзүн мындай бирөөгө окшоттурсун: ушундай бир сарай жасатат: ар бир ташында миңдеген искусство, ар бир тарабында миңдеген кооздолгон жасалгалар жана ар бир жеринде миңдеген кымбаттуу, баалуу ас-паптарды жана керектүү нерселерди койсун да; анан ошол нерселерден бир үй курбасын?! Бардык нерсе чирисин, бузулсун?! Хаша жана келла!!! Хайр-ы Мутлактан* кайыр келет. Жамил-и Мутлактан* сулуулук келет. Хаким-и Мутлактан* бош нерсе келбейт.

Ооба, кимде ким кыялы менен тарыхка минип алып өткөн заманга барса, ушул а-зыркы заманда көргөн Дүйнө жери, сыноо майданы, буюм көргөзмөсү сыяктуу канча жыл бар болсо ошончолук өлгөн жерлерди, майдандарды, көргөзмөлөрдү, ааламдарды көрө алат. Көрүнүшү боюн-ча, ич жүзү боюнча бир-биринен бөлөк болуулары менен тартип боюнча, ажа-йыптуулук боюнча Устанын кудуретин жана хикметин көрсөтүү боюнча бир-бирине окшош болот.

Ошондой эле муну көрө алат: ошол туруксуз жерлерде, ошол түбөлүксүз майдандарда, түбөлүксүз көргөзмөлөрдө ушунчалык апачык бир хикметтин тартиптүүлүгүн ушундай даража көрүнүштөгү бир инайеттин ишаараттарын; ушунчалык үстөм келген адалеттин издерин; укмуштай кенен бир мээримдүүлүктүн мөмөлөрүн көрөт.
Үн жок