ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 71
(1-161)

Сокур болбоо шарты менен жакындан билет: ал хикметтен ашкан хикмет боло албайт жана ишаараты көрүнгөн инайеттен өткөн инайет жок... жана издери көрүнгөн адилеттен өткөн адилет жок жана ошол мөмөлөрү көрүнгөн мээримдүүлүктөн ашкан мээримдүүлүк боло албайт.

Эгер фарз-ы мухал* ушул иштерди жасаган, ушул меймандарды жана мейманканаларды алмаштырган Султан-ы Сермединин* мамлекетинде түбөлүктүү жерлер, улуу жайлар, туруктуу макамдар, тү-бөлүктүү үйлөр, анын тургундары, бактылуу кулдары болбосо; шоола, аба, суу, то-пурак сыяктуу күчтүү жана кубаттуу төрт мааневи негиздери болгон хикмет, адалет, инайет жана ырайымдуулуктун акыйкаттарын жокко чыгарып жана ошол көрүнүштөгү негиздер сыяктуу көрүнгөн денелеринин бар экенине ишенбөө керек болот. Себеби, ушул түбөлүксүз дүйнө жана ичиндегилер алардын чыныгы акыйкаттарына ылайык болбогону маалым. Эгерде башка жерде да аларга даана ылайык боло турган мекен-жайлар табылбаса, анда; күндүздү толтурган жарыкты көрүп туруп Күндү жокко чыгарып ишенбөө даражасында бир келесоолук менен: ушул ар жерде көрүнгөн көзүбүздүн алдындагы хикметти көрүп туруп ишенбөө, ушул нефсибизде жана башка көп нерселерде ар убакыт биз көргөн инайетти* жокко чыгаруу жана ушул абдан күчтүү ишаараттары көрүнгөн адалетти жокко чыгаруу (Түшүндүрмө)

(Түшүндүрмө): Ооба, адилеттүүлүк эки түрдүү. Бири жакшы, бири жаман. Жакшысы болсо: акы ээсине акысын берүү демек. Адилеттүүлүктүн бул түрү бул Дүйнөдө апачык эле көрүнүп турат.
Үн жок