ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 74
(1-161)

 (Түшүндүрмө): Суроо: Эгерде минтип айтылса: Эмнеге мисалдардын көбүн гүлдөрдөн, данектерден жана жемиштерден келтиресиң?

Жооп: Анткени, алар Мужизат-ы Кудуреттин* эң антикалары* (эскилери), эң кереметүүлөрү, эң назиктери. Ошондой эле, табиятчылар, атеисттер жана филсофтор алардагы Кудурет жана Тагдыр каламынын жазган ичке жазууларын окуй алыш-пагандыктарынан "табият баткагында" чөгүп калышкан.

Демек, бул туруксуз нерселер башка жерде туруктуу, түбөлүктүү жемиштерди берет жана түбөлүктүү көрүнүштөрүн таштап кетет, башка жакта эбеди*, бүт-пөс маанилерди түшүндүрөт, үзгүлтүксүз тесбихат* окуйт. Адам болсо, алардын ошол жакка караган жүздөрүнө кароо менен адам болот. Жалган Дүйнөдө түбөлүктүүлүккө жол табат.

Демек, бул өмүр жана өлүм ичинде айланган, топтолуп таркалган нерселердин ичинде башка максаттар бар. Тамсилде ката жок. Ушул ахыбал окшоштуруу жана тамсил үчүн өңтүс берилген жана тартиптелген ахыбалга окшошот. Көптөгөн чыгымдар менен кыска жыйналыштар, тарап кетүүлөр жасалууда. Неге дегенде көрүнүштөрү алынып тиркелип коюлуусу үчүн. Экранда дайыма көрсөтүлүүсү үчүн. Ушул сыяктуу эле, бул Дүйнөдө кыска бир мөөнөт ичинде жекече өмүр жана биргелешип жашоо өткөрүүнүн бир максаты ушул көрүнүштөр тиркелип алынып коюлсун, амалдарынын натыйжалары сакталсын. Неге дегенде, улуу жыйналышта сурак жүргүзүлсүн. Жана бир чоң көргөзмөдө көрсөтүлсүн жана бул улуу бакыттаалайга жөндөмдүлүүгү көрсөтүлсүн. Демек, Хадис-и щерифте*: "Дүйнө -Акыреттин талаасы." деп бекеринен айтылган эмес, бул акыйкатты түшүндүрүү үчүн айтылган.

Үн жок