ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 77
(1-161)

Ушул сыяктуу эле, мисалы: акылдын бир кызматчысы жана сүрөтчүсү болгон кыял күчүнө минтип айтылса: Сага бир миллион жыл өмүр жана дүйнө салтанаты берисин, бирок акырында жок болуп кетесиң. Күмөнү алдатпоо, нефси аралаш-поо шарты менен: "Ох" жерине "Ах" дейт, өкүнүч менен жооп берет. Демек, эң чоң жалган нерсе эң кичинекей курал жана адамзаттын сезимдерин тойгуза албайт. Мына бул жөндөмдүүлүктөн, адамзаттын түбөлүктүүлүккө созулган каалоотилектери жана каинатты курчап алган ойлору жана түбөлүктүү саадаттарынын түрлөрүнө жайылган арзуулары муну көрсөтөт: бул адамзат түбөлүктүү жашоо үчүн жаралганжана ошол жерге кетет. БулДүйнө ага бир мейманкана жана акыретине бараар жолдогу бекет (станция) экендигин көрсөтөт.

ОН ЭКИНЧИ АКЫЙКАТ:

Рисалет* жана тензил* эшиги. "Бисмиллаиррахманиррахимдин" чагылуусу.

Эч мүмкүн бекен: бардык Пайгамбарлар мужизелерине таянынышып сөздөрүн кубатташкан жана бардык олуя кереметтерине таянышып жана бардык Асфиялар* изилдөөлөрүнө таянышып акыйкатына күбө болушкан Расул-и Экрем (с.а.в) Пайгамбарыбыздын көрсөткөн миңдеген мужизелеринин күчүнө таянышып, бар күчү менен, ошондой эле кырк жактан мужизе болгон Кур'ан-ы Хаким миңдеген күчтүү аяттарына таянып ачышкан Акырет жолун, Бейиш эшигин чымын канаты сыяктуу күчү жок маанисиз күмөндөр, шектер ошол далилдерди, эч акысы барбы, жаба алсын?!..

Айтылган акыйкаттардан мындай деп түшүндүк: Хашир маселеси ушундай анык, ачык бир акыйкат экен, Дүйнө Шарын жеринен ойнотуп көтөрө турган, талкалап ыргыта турган күч болсо дагы ошол акыйкатты ордунан козгой албайт.
Үн жок