ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 80
(1-161)

ХАТИМЕ

Өткөн ОН ЭКИ АКЫЙКАТ бири-бирин ырастап кубаттайт. Бири-бирин толуктайт, бйри-бирине күч берет. Алар биргелешип натыйжаны көрсөтүшөт. Кайсы шеккүмөндүн күчү бар; ушул темир сы-яктуу, балким алмаз сыяктуу ОН ЭКИ УРАБАС Чептерди тешип өтө алсын?! Абдан күчтүү коргонуу ичиндеги Хаширге болгон ыйманды буза алсын?! 



مَا خَلْقُكُمْ وَلاَ بَعْثُكُمْ اِلاَّ كَنَفْسٍ وَاحِدَةٍ



аят-ы керимеси муну түшүндүрөт: "Бардык адамдардын жаралуусу жана кайрадан тирилүүсү Аллахтын Кудуретине караганда бир гана адамды жараткандай жана тирилткен сыяктуу оңой". Ооба, "Нокта"ьттуу бир рисале Хашир баянында ушул аяттын түшүндүргөн акыйкатты ачыктамалуу жана түшүндүрмөлүү жазган элем. Бул жерде жалгыз бир бөлүк тамсилдери менен жыйынтыгына бир ишаарат кылабыз. Эгерде кааласаң ошол "Ноктаны"'окуп көр. Мисалы " Ве Лиллахил Меселүл а 'ла " - тамсилде ката жок - Кандайча "Нуранийет сыры менен" Күндүн шооласы өз эрки менен болсо да, бир атомго опоңой түрдө чачкан шооласын ошол эле оңойдук менен чексиз көп жалтырак нерселерге да берет, чачат.

Үн жок