ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 81
(1-161)

Ошондой эле "Шеффафийет (жалтырактык) сыры менен" бир жалтырак атомдун кичинекей көз кареги Күндүн чагылуусун алуусунда деңиздин кенен жүзүнө теңдеш.

Ошондой эле "Интизам сыры менен" бир баланын бармагы менен оюнчук кемесин кандай айлантса килейген бир согуш кемесин да ошондой оңой айланта алат.

Ошондой эле "Имтисал (буйрук алуу) сыры менен" бир командир бир аскерди "марш" буйругу менен ордунан козгой алгандай бир килейген чоң полк аскерди да ошол эле буйрук менен козгой алат.

Ошондой эле "Мувазене* сырыменен" Асманда бир тараза элестетелик, ушунчалык сезгич жана ушундай даражада чоң дейлик, эки жаңгак ошол таразанын эки көзүнө коюлса сезет. Жана эки Күндү ичине алып тартат. Эки жагына коюлган эки жаңгактын бирин асманга, бирин жерге түшүргөн ошол эле күч менен, эки Күн коюлса; бирин жогору көтөрөт, бирин төмөн түшүрөт.

Бул жөнөкөй, кемчиликтүү, жалган мүмкүнчүлүктө нуранийет, шеффафийет, интизам, имтисал жана мувазене сырлары менен эң чоң нерсе эң кичине нерсеге терең болот. Чексиз, эсепсиз нерселер бир тек нерсеге тең болуп көрүнөт.

Албетте, Кадир-и Мутлактын* өзүнө тиешелүү жана чексиз, абдан сонун болгон кудуретинин нурдуу чагылуусу жана нерселердин ич жүзү жана нерселердин эвамир-и теквинийесине* кемал-и имтисалы* жана мүмкүнчүлүктүн болуусунун жана болбоосунун теңдигинен турган мүмкүнчүлүгүндөгү өлчөм сыры менен; азкөп, чоңкичине Ага баары бир болгон сыяктуу бардык адамзатты бир тек адам сыяктуу бир гана үн салуу менен Хаширге алып келе алат.

Үн жок