ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 78
(1-161)

Анткени, ал акыйкатты Женаб-ы Хак* бардык ысымдары жана сыпаттарынын талап кылуусу менен билүүдө жана Расул-и Экрем Пайгамбарыбызды бардык мужизелери жана далилдердин эң чону менен кубаттоодо жана Кур'ан-ы Хаким бардык акыйкаттары жана аяттары менен Аны далилдөөдө жана ушул каинат бардык аят-ы теквинийеси* жана хикмет толо кубулуштары менен күбөлүк кылышууда.

Кызык, эч мүмкүн бекен; Хашир маселесинде Важиб-ул Вужуд* менен бардык жаратылган нерселер - атеисттерден башка - биргелешкен болсун, кыл сыяктуу күчү болбогон шектер, шайтандуу күмөндөр, ошол тоо сыяктуу улуу акыйкатты бу-за алсын, жеринен козгой алсын?! Хаша жанакелла!...

Ойлоп калба, Хашир далилдери биз айтып өткөн Он Эки Акыйкаттан гана турат деп. Жок, балким Кур'ан-ы Хаким айтылган жалгыз он эки акыйкаттарды бизге сабак бергендей дагы миңдеген далилдери бар. Ар бир ишаарат даана кабар сыяктуу, Жаратуучубуз бизди бул жалган дүйнөдөн чыныгы, туруктуу, түбөлүктүү дүйнөгө алпарат.

Ойлоп калба, Хаширди талап кылган Аллахтын Ысымдары биз айтып өткөндөй жалгыз гана Хаким, Керим, Рахим, Адил, Хафиз аттуу ысымдардан гана турат деп. Жок, балким каинаттын кыймыл-аракеттеринде чагылган Аллахтын ысымдарынын бардыгы акыретти талап кылат, балким мажбур кылат.

Ойлоп калба, Хаширге далилдик кылган каинаттын аят-ы теквинийеси* жалгыз гана айтылып өткөн акыйкаттарга гана тийешелүү деп. Жок, балким көптөгөн нерселерде оңгосолго ачылган пардалар сыяктуу жактары жана сырлары бар; бир жагы Устасына күбө болгондой, тигил жагы да Хаширге ишаарат кылат.

Үн жок