ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 76
(1-161)

Ошондой эле эч мүмкүн бекен: Хаким-и Билхак*, Рахим-и Мутлак* адамзатка ушундай жөндөмдүүлүк берип, жер менен асмандар жана тоолор жүгүн көтөрүүдөн баш тартышкан Чоң Аманатты жүктөп, башкача айтканда кичинекей ченем-өл-чөмдөрү менен кичинекей өнөрлөрү менен Жаратуучусунун учукыйырсыз көп сыпаттарын, жалпы иштерин, чексиз чагылуусун өлчөп билип, ошондой эле Жерде эң назик, алсыз, дармансыз жаратып, өсүмдүк жана жаныбарлары болгон макулуктарына мыйзам кызматкери кылып дайындап, алардын тесбихатына жана ибаадаттарына катыштырып Аллахтын каинаттагы иштерине кичинекей салыштырууда бир тамсил көрсөтүп, Рубубийет-и Субханийени* жасаган кыймыл-аракети менен жана сүйлөгөн сөзү менен каинатка жар салып, периштелеринен адам-затты тандап алып башчылык милдетин берсин, ага, ушул милдеттердин максаты, натыйжасы жана мөмөсү болгон түбөлүктүү бакыттаалайды бербей койсун?! Аны, бүткүл макулуктарынын эң бактысыз, өтө бечара, өтө муңдуу, өтө дарттуу, өтө төмөн даражага таштап, эң мубарек*, нурдуу жана хикмет сыйлыгынын куттуктоочусу болгон акылды ошол бечарага эң коркунучтуу жана зулумдуу жазаландыруучу курал кылып хикмет-и мутлакасына* таптакыр терс жана мерхамет-и мутлакасына* абдан терс бир ырайымсыздык этсин?! Хаша жана келла*!!!

Жыйынтык: Кандайча тамсилдүү икаяда бир аскердин күбөлүгүнө жана дептерине карап көргөнбүз: погону, милдети, айлык акысы, кыймыл-аракет эрежеси жана курал-жабдыгы бизге муну көрсөттү: ал аскер ошол туруксуз майдан үчүн эмес, балким туруктуу бир мамлекетке барат жана ошол үчүн иштеп жатат. Так эле ошондой, адамдын "жүрөк" күбөлүгүндөгү сезимдер жана "акыл" дептериндеги туйгулар жана жөндөмдүүлүгүндөгү курал-жарак толугуменен бирликте Түбөлүктүү Бакыт Таалайга багытталган жана ошого жараша берилген, ошого жараша жабдыкталганына эхл-и тахкик* жана эхл-и кешф* бир ооздон кубатташууда.

Үн жок