ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 79
(1-161)

Мисалы; адамзаттын ахсен-и таквимде* жаралуусу Устасын көрсөткөн сыяктуу ошол ахсен-и таквимдеги жөндөмдүүлүгүнүн бардыгы менен кыска бир убакытта бүтүп калуусу Хаширди көрсөтөт. Кээде эки назар менен каралса Устасын да, Хаширди да көрсөтөт.

Мисалы, көптөгөн нерселерде көрүнгөн хикметтин тартиптенүүсү, инайеттин жасалгалануусу, адилеттүүлүктүн таразасы жана рахметтин эркелетүүсү; кандайча ич жүзүнө каралса бир Сани-и Хаким, Керим, Адил, Рахимдин кудурет күчүнөн чыккандыгын көрсөтөт. Так ошондой эле, булардын күчү жана чексиздиктери менен бирге ушуларга ылайык болгон ушул жалгыз Дүйнөнүн маанисиз жана аз жашоосуна карап көрүлсө Акырет, тигил дүйнө көрүнөт. Демек бардык нерсе өз тили менен 

اَمَنْتُ بِاللَّهِ وَ بِالْيَوْمِ اْلاَخِرِ

окууда жана окуттурууда.

Үн жок