ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 72
(1-161)

Анткени, Үчүнчү Акыйкатта далилденгендей: ар нерсенин жөвдөмдүүлүк тили менен жана тубаса муктаждыгынын тили менен жана мажбурийет* тили менен Фатыр-ы Зулжелалден* кааланган бардык талаптилектерин жана дене менен жашоого керек болгон бардык укугун атайын мый-замдар менен дапдаана өл^өмдөр менен апачык эле берүүдө. Демек адилетүүлүктүн бул түрү дене менен өмүрдүн даражаларында дапдаана бар.

Адилеттүүлүктүн экинчиси, жаманы: хаксыздарды жөнгө салып тартипке келтирүү. Башкача айтканда, хаксыздардын акысын азапка салуу жана жазага тартуу менен берүү демек. Адилеттүүлүктүн бул түрү чындыгында бул Дүйнөдө толугу менен көрүнбөйт. Бирок, ал акыйкаттын бар экендигин сездире турган башка көптөгөн ишаарат жана белгилер бар. Мисалы, Ад жана Семуд уруусунан баштап азыркы замандын кежир, мурдун көтөргөн көйрөң адамдардын башына түшкөн сок кулар жана азаптар абдан улуу бир адилеттүүлүктүн өкүм сүргөвдүгүн болуп жаткан иштер менен көрсөтүүдө.

Жана бул жакта көрүнгөн мээримдүүлүктү жокко чыгарыш керек болсо; ушул каинатта көрүнгөн укмуштай хакимаане* иштер жана керимаане* иштер жана ихсанат-ы рахиманенин Ээсин - хаша, сүмме хаша - ою бузук бир оюнчу, каардуу заалим экендигин кабыл этүү керек болот. Бул болсо акыйкаттардын терсин ойлоо демек жана буга эчким ишенбейт. Керек болсо бардык нерсени жана өздөрүн "жокмун" деп эсептешкен акмак Софестаилер* дагы бул идеяга оңой оңой ишенишпейт.

Үн жок